Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кой-Таш окуялары боюнча баштапкы угуу 4-мартта уланат

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда былтыр 7-8-август күндөрү Кой-Ташта болгон окуялар боюнча кылмыш ишинин баштапкы угуулары башталды. Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда. Мыйзам боюнча баштапкы угуулар жабык өтөрү айтылган. Эске салсак, окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишти ИИМдин Тергөө кызматы тергеп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айып койгон.

2019-жылдын январынан тарта күчүнө кирген жаңы Жазык-процесстик кодекс менен бирге Кыргызстанда тергөө судьясы деген жаңы институт пайда болгон. Мындай түзүмдү киргизүү маселеси бир катар чет өлкөлөрдүн алсак, Италиянын, Франциянын, Германиянын, Казакстандын, Украинанын жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын окуп үйрөнгөндөн кийин пайда болду. Тергөө судьяларынын негизги укуктук милдеттемелери сотко чейинки өндүрүш учурунда гана жарамдуу болуп, иш сотко өткөрүлүп берилгенден кийин ыйгарым укуктары токтойт.

Жакында эле айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилген эле. Анда Президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамына кол койгон. Соттордун инфратүзүмү 2020-жылдын 1-январына сот арачылардын катышуусунда иштерди кароого объективдүү даяр болбой турганын эске алып, бул мыйзамдын күчүнө кирүүсү 2025-жылдын 1-январына которулган.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 13 айыпталуучуга, алардын ичинде мурдагы мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовго карата каралып жаткан кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум ɵткɵрүлдү. Анда айыпталуучу Ибраимов жана анын жактоочусу “Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жер тилкелерин бɵлүп берүү эпизоду” боюнча жарыш сɵз сүйлɵштү. Ал эми Кулматовдун жактоочусунун жарыш сөзү аяктаган жок.

Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет. Сот системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө да өз таасирин тийгизери бышык. Сот адилеттүүлүгү орноп, мыйзам үстөмдүк кылган өлкөгө инвесторлор да кооптонбой келип, акча салып бизнесин баштайт. Бул багытта максатка жетүүнү көздөп, ушул жылдын башынан тарта соттук укуктук реформа жүрүүдө. Анын негизги максаты — сот адилеттигин орнотуу, жарандарыбыздын укугун коргоо болуп саналат.1* Негизинен сот реформасы 3 багытта жүргүзүлүүдө. Алар мыйзамдык базаны чыңдоо жана жаңылоо, татыктуу кадрларды тандоо, үчүнчүсү сот системасын заманбап технология менен камсыздоо, санариптештирүү.
Быйыл Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин түзүлгөндүгүнө 25 жыл толот. Башында, департамент Судьялар кеңешине караштуу сот администрациясы гана болгон. Анын штаттык саны болгону 36 адамды түзгөн. Бирок, чейрек кылым ичинде ал Департаментке айтанып, азыркы учурда республиканын бардык сот органдарынын материалдык-техникалык базасы жана соттук актыларды аткаруу үчүн жооп берет.