Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук угуу 15-ноябрга жылдырылды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда крим төбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча алдын ала соттук угуулар өтүүдө. Айыпталуучулардын арасында мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдор бар. Булар менен бирге негизги фигурант катары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да шектүү катары өтүүдө.