Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз киносунун кереметин Чокморовдун тагдырынан бөлүп кароого болбойт

Жалпы журтка сыймык тартуулаган эмгектерди жараткан залкар сүрөткер, атактуу актер Сүймөнкул Чокморов көзүү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ага катышкан Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз киносунун кереметин, кыргыз сүрөт өнөрүнүн ийгиликтерин Сүймөнкул Чокморовдун тагдырынан бөлүп кароого болбой турганын белгиледи.

Күн мурун борбор калаадагы Гапар Айтиев атындагы көркөм- сүрөт музейинде СССРдин эл артисти, таланттуу сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган эл көрө элек сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө «Эсимде» деп аталып, ал Сүймөнкул Чокморов менен анын жубайы, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Салима Шабазованын элесине арналган. Таланттуу актер Сүймөнкул Чокморов тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Ал кыргыз деген атты дүйнөгө таанытып, элдин сүймөнчүлүгүнө айланган, улуттун сыймыгы. Анын 500 гө жакын живопись эмгектери, 20 дан ашуун кинолордо аткарган ролдору коомчулуктун эсинде. Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган сүрөт көргөзмө Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде актердун уулу Бактыгул Чокморовдун демилгеси менен уюштурулган.