Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Сүрөт дүйнөсүнө саякат

Күн мурун борбор калаадагы Гапар Айтиев атындагы көркөм- сүрөт музейинде СССРдин эл артисти, таланттуу сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган эл көрө элек сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө «Эсимде» деп аталып, ал Сүймөнкул Чокморов менен анын жубайы, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Салима Шабазованын элесине арналган. Таланттуу актер Сүймөнкул Чокморов тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Ал кыргыз деген атты дүйнөгө таанытып, элдин сүймөнчүлүгүнө айланган, улуттун сыймыгы. Анын 500 гө жакын живопись эмгектери, 20 дан ашуун кинолордо аткарган ролдору коомчулуктун эсинде. Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган сүрөт көргөзмө Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде актердун уулу Бактыгул Чокморовдун демилгеси менен уюштурулган.