Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата «Саясат энциклопедиясы» 8 томдук китеби жарык көрдү

Кыргызстанды чейрек кылым башкарып, элине сиңирген эмгеги үчүн кадырман аксакалга айланган Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата «Саясат энциклопедиясы» 8 томдук китеби жарык көрдү. Анын автору, профессор Аттокур Жапанов китепти 10 жыл мурда саясий ишмер менен жолугушкандан кийин жаза баштаган.
Ак таажычан падыша 100 жашта. Бүгүн Кыргызстанды чейрек кылым башкарып, элине сиӊирген эмгеги менен кадырман аксакалга айланган Турдакун Усубалиевдин туулган күнү. Тирүүсүндө легендага айланган мамлекеттик ишмердин жасаган иши, башкаларга кылган мамилеси, жөнөкөйлүгү эл ичинде узун сабак болуп айтылып жүрөт. Тарыхый инсандын 100 жылдык мааракеси Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда белгиленди.
Быйыл Кыргызстанда мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленүүдө. Мунун алкагында мамлекетти чейрек кылым башкарган улуу инсандын өмүрүнө, ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар кыл иш-чаралар өтүп жатат. Бүгүн Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда Осмонакун Ибраимовдун «Турдакун Усубалиев: өмүрү жана тагдыры” аттуу китебинин бет ачар аземи өттү. Ага Усубалиевдин үй-бүлө мүчөлөрү, туугандары, замандаштары жана президенттик аппараттын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлер катышты.
Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи катчысы кызматын 24 жыл, 5 ай, 24 күн аркалаган Турдакун Усубалиев Советтер Союзунда эң узак бийликте турган жетекчи катары тарыхта белгилүү. Дал ушул Кыргызстанды чейрек кылым жетектеген чыгаан мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгына карата Ош шаарында илимий-тажрыйбалык конференция өттү. Ага Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, облус жетекчилери Турдакун Усубалиевдин жакындары, аны менен бирге иштешкен замандаштары катышып, мамлекеттик ишмердин даңазалуу өмүр жолу тууралуу ой бөлүшүштү.

Күрп-Сай ГЭСине мамлекеттик жана партиялык ишмер, кыргыздын чыгаан уулу Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылат. Мындай маалыматты Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышына байланыштуу откон салтанаттуу иш-чарада билдирди. Мамлекет башчысы жалал абад облусуна болгон 2 кундук иш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСинин аймагына барып, аткарылган иштер менен жакындан таанышты. Иштеп жатканына 40 жылдан ашкан ГЭС каскадында реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн эмес, ушул себептен ГЭСтин жабдуулары моралдык жактан эскирип, толугу менен алмаштырууну талап кылган. Токтогул ГЭСин жаңылоо үч фазадан турат.

Кыргызстанды чейрек кылым жетектеген Турдакун Усубалиевдин орду толгус эмгеги бааланышы шарт. Ошол себептен, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевди мамлекет кызматкерлерине үлгү катары айтып келет. Буга ылайык, бүгүн борбор калаада мамлекеттик жана саясий ишмерди эскерүү кечеси болуп өттү. Анда Турдакун Усубалиев кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы, алдыңкы өнөр жай өлкөсүнө айланышына, маданий жактан өнүгүшүнө, парламенттик системанын түптөлүшүнө салымы зор экендиги айтылып, ысымын көчөөгө, райондорго ыйгаруу керектиги белгиленди.