Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргыз дипломатиясы — кыйырдан бүгүнгө

Кыргыз дипломатиясына 75 жыл. 1944-жылы Кыргыз ССР Тышкы иштер эл комиссары уюштурулуп, Казы Дикамбаев комиссар болуп дайындалган. Бул дата тышкы саясатты тескеген мекеменин түзүлгөн күнү катары тарых барактарында жазылып калган. Бүгүн, Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына арналган иш-чара жана «Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуунун жыйынтыктары жана келечеги» форуму болуп өттү. Ага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков, дипломатиялык кызматтын ардагерлери, дипкорпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, элчилер, дипломаттар, тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери катышты.