Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Коомдогу биримдикти сактоо, улуттар аралык ынтымакты, өлкөдөгү тынчтыкты коргоо — баарынан бийик

Шайлоо өнөктүгү жакындаган сайын саясий активдүүлүк жогорулайт. Бирок шайлоого ким кандай катышса өз эрки, шайлоодон соң турмушту, өлкөнүн келечегин унутпаш керектигин Президент Сооронбай Жээнбеков күн мурун Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирген болчу. Учурдан пайдаланып, өлкө башчысы парламенттин трибунасында мамлекеттин саясатына, экономика жана аймактарды өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттарына кеңири токтолуп өткөн эле. Акыркы эки жылда аткарылган иштер боюнча коом кандай ойдо?

Кыргызстанда коррупция менен күрөш уланып, иштер мындан ары да күчөтүлөт. Мындай пикирин мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Президент коррупцияга малынган аткаминерлерди камаганда гана маселе чечилип калбастыгына токтолуп, коррупцияга бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча санариптештирүү ишке ашырылып жатканын айтты. Мындан тышкары, акыркы эки жылда аймактарды өнүктүрүүгө көңүл бурулуп, ишкердикти колдоо менен жумуш орундары түзүлгөнүн эске салды. Ал социалдык тармакты колдоо, ирригация, калкты таза суу менен камсыз кылуу жана мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыктарына жооп берген тышкы саясатты жүргүзүүнү убада кылганын айтып, алар ырааты менен ишке ашырылып жатканына токтолду. Ошондой эле, өлкө башчысы, быйыл парламенттик шайлоо болоорун эске салып, коомчулукта шайлоо босогосунун чеги тууралуу талкуулар токтой электигин, жыйынтык чыгарарда “Жети өлчөп бир кесүүгө” эл өкүлдөрүн чакырды.

Аймактарды өнүктүрүү эми кластердик система менен ишке ашат. Ага өлкөнүн ар кыл каржы институттары көмөк көрсөтөт. Бүгүн, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен аймактарды кластердик система менен өнүктүрүү үчүн түзүлгөн координациялык топтун биринчи жыйыны өттү. Анда аймактарды өнүктүрүү, ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн аткарыла турчу маселелер талкууланды.