Бейшемби, 18 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Токаев: «Кыргызстан менен болгон жакын мамиле эч бир өлкө менен болгон эмес»

Кыргызстан Казакстан үчүн ынак коңшу, союздаш жана бир тууган мамлекет. Боордош өлкө менен болгон жакын мамиле башка бир дагы өлкө менен болгон эмес. Мындай пикирин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди. Бир тууган элдин лидерин алгач “Манас” эл аралык аба майданынан Президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Ал эми алардын расмий жолугушуусу “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өттү. Ардактуу кароолду кыдырып чыккан өлкө лидерлери расмий делегациялардын мүчөлөрү менен тааныштырып чыгышты. Андан соң жолугушуу тар жана кеңири курамда уланды. Ошондой эле Жогорку мамлекеттер аралык Кеңешинин 5-жыйынына катышкан мамлекет башчылары кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштык мамилелери мындан ары да эки элдин бакубаттуулугу үчүн бекемделе берерине ишеним артышты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы кызматташтыкты мындан ары карай тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *