Зарылдыкка жараша коронавирус менен күрөшүү үчүн бардык стационардык дарылоо мекемелери бошотулат

28

Өлкө аймагында коронавирус жуккан жаңы төрт учур катталды. Бул туурауу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Жаңы төрт учур менен жалпы республика боюнча коронавируска чалдыккан бейтаптардын саны 111ге жетти. Буга ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисини орун басары Касымбек Мамбетов, зарылдыкка жараша коронавирус инфекциясы менен ооругандарды дарылоо үчүн бардык аймактардагы стационардык дарылоо мекемелери бошотулаарын билдирди.