Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

«Таңкы Пирамида» апалардын кийизин тээп, жибин ийригенди үйрөндү

«Коопсуз шаар — 2» долбоорун кытайлык компания ишке ашырат, Бул тууралуу, Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, тендердик комиссиянын башчысы Кубаныч Шатемиров Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушканда билдирди. Анын айтымында, бул этап 7 облусту, республикалык маанидеги 2 шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 шаарды, 73 калктуу пункттарды камтышы керек. Ал арада Өкмөт башчы “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабын ийгиликтүү ишке ашырган мекемелер өкүлдөрүн сыйлады.

Кыргыз товарларынын 80% Евразия-экономикалык биримдигинин рынокторуна түшөт. ЕАЭБ бүгүнкү күндө дүйнөлүк экономикада негизги ролду ойноочу уникалдуу мамлекеттер аралык байланыш болуп калды. Жакынкы күндөрү борбор калаада бул мамлекеттердин ишкерлери ар кандай тармактардагы кызматташтыктын келечегин талкуулоо үчүн бир аянтчада чогулушту. ЕАЭБ мүчө болуу Кыргызстанга эмне берди?

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын көлөмү жогорулайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалымат кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, өкмөт тарабынан тиешелүү чечим бүгүн 30-сентябрда кабыл алынган. Бүгүнкү күндө өлкөдө 670 миге чукул пенсионер каттоодо турат. Пенсияларды эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча пенсиянын орточо көлөмү учурда 5 миң 820 сомду түзөт. Бул жолу пенсиянын өлчөмү канча пайызга жогорулайт?

Келе жаткан октябрь айынан тартып агартуучулар 30 пайызга жогорулатылган айлык маяна алышат. Бул тууралуу токтомго бүгүн өкмөт башчы кол койду. Ага ылайык жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын, ошондой эле билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысынын негизги бөлүгүнүн көлөмү 30 пайызга көбөйдү. Билим берүү системасынын кызматкерлеринин маянасын көтөрүүгө керектүү каржы каражаттар табылды.