Шейшемби, 19 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Биз жөнүндө

«Медиа Холдинг Пирамида» ЖЧКсы — Кыргызстандагы алгачкы коммерциялык телерадиокомпания. Телеканал 1994-жылдын 6-декабрында негизделген. Телеканал өзүнүн ишмердүүлүгүндө бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрсө да, көрүүчүлөрү барган сайын арбып, бүгүнкү күнү көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан сүйүктүү каналы бойдон калууда. Ошондон улам “Сиздер менен ар убак!” деген урааныбыз жаралды.

Телеканал негизделгенден бери жүздөн ашык ар кандай долбоорлор ишке ашырылды. Негизги курагы 12 жаштан 70 жашка чейинки кенен аудиторияны топтой алды.

Санарип технологияга өткөндөн бери «Пирамида» телеканалы Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жеткиликтүү көрсөтүлүп калды. Маалымат менен камсыз кылуунун алкагында анын техникалык сигналы калктын 98%ын өзүнө камтыйт.

Ошондой эле EutelSat 70В спутниги аркылуу бүткүл Борбор Азияда таркайт. “АлаТВ», «Долон ТВ», “Акнет» эфирдик, кабелдик берүүлөрү аркылуу чагылдырылып келе жатат.  Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча санариптик берүү 97% ды түзөт.

Телеканалдын эфиринде жогорку HD сапаттагы санариптик форматтагы контент берилет. Телеканалдын берүүлөрү мазмуну мамлекеттик дагы, расмий тилде дагы жүргүзүлөт. Негизинен көңүл ачуучу, социалдык, экономикалык, укуктук жана аналитикалык программалар жайгаштырылат.

Канал өз милдетин калыстык менен, объективдүү түрдө толук кандуу аткарып, бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн өз убагында чагылдырууда. Учурда коомдун абдан маанилүү жана актуалдуу деп эсептелген маалыматтык керектөөлөрүн камсыздоодо маанилүү роль ойнойт. Андан тышкары, телеканалдын эфиринде мамлекеттик органдардын жана уюмдардын социалдык роликтери жана маалыматтык материалдары коомчулукка акысыз негизде тартууланып келет.

Ар бир кызматкердин жогорку профессионалдуулугунун натыйжасында телеканал коомдогу окуяларга жана өзгөрүүлөргө ыкчам түрдө реакция жасап, элге актуалдуу программалар менен телеберүүлөрдү камдап берип келе жатат.

Жетекчилик

Адаханов Дооронбек Адаханович

Адаханов Дооронбек Адаханович

Башкы директор
Умаралиева Мээрим Мелисовна

Умаралиева Мээрим Мелисовна

Башкы бухгалтер
Эрнис уулу Адыл

Эрнис уулу Адыл

Юрист

Байланыш

Коммерциалык бөлүм: