Ишенби, 27 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Эл өкүлдөрү өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө

Эл өкүлдөрү аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө. Күн мурун Жогорку Кеӊештин вице-спикери Аида Касымалиева менен депутат Сагындык Келдибаев Ош облусунун Өзгөн районунун эли менен жолугуп, алардын койгон маселелерин угушту. Ошондой эле эл өкүлдөрү республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, бирок курулушу толук бүтпөгөн социалдык объектилер менен жеринен таанышты.

Бишкектин мүлкү тууралуу маалыматтын бардыгы жарандардын ыңгайлуулугу үчүн ачык болушу керек. Бул тууралуу калаа мэри Азиз Суракматов күн мурун мэрияда өткөн жыйында билдирди. Айтымында, муниципалитетке тиешелүү мүлктөргө инвентаризация иштери жүргүзүлөт.

Бишкектеги № 10 кесиптик лицейге белгилүү актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун ысымы ыйгарылды. Ошондой эле окуу жайда анын музейи ачылып, маалымат тактайчасы илинди. Иш-чарага актёрдун жакындары, эл өкүлдөрү, жазуучулар жана студенттер катышты.

Өлкөдө жылына 1,5 миңге жакын ымыркай, тубаса жүрөк кемтик оорусу менен төрөлөт. Анын 30% тез арада операцияга муктаж болгон наристелер. 1-ноябрда Россиядан келген профессор Алексей Ким Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда бир жашка чейинки жүрөк кемтиги менен төрөлгөн ымыркайларга акысыз операция жасап жатат. Беш күн ичинде ал 10 наристеге операция жасап, бардыгы ийгиликтүү аяктады.

«Эркештам» көзөмөл-өткөрмө жайында жүктү текшерүүнүн жаңы системасы – инспектордук-кароо комплекси ишке берилди. Эми текшерүүнүн убактысы гана кыскарбастан, инспекторлордун иши дагы жеңилдеди. Комплексти ишке киргизүү иш-чарасына Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да катышты.

Эреже бузуп “Коопсуз шаардын” камераларына илинген айдоочулар айып пулдун суммасы өтө эле көп деген даттанууларын айтып келишкен. Ага ылайык көпчүлүктүн талабын орундатуу максатында айып акчалардын көлөмүн кыскартуу маселеси келип чыккан. Азыркы учурда мыйзам долбоору парламентте каралып жатат. Эгер кабыл алынса, жол эрежесин бузгандарга карата 3 миң сомдук айып пулдар миң сомго түшүшү мүмкүн. Андан төмөн болбойт. Себеби, «Бузуулар» кодексинде эң ылдыйкы айып пулдун өлчөмү 1000 сом деп бекитилген.