Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ар бир окуучу так илимдер боюнча альтернативалык олимпиадага катыша алышат

Ар бир окуучу так илимдер боюнча альтернативалык олимпиадага катыша алат. Эми окуучуларга жылда өтүүчү республикалык олимпиада менен катар математика, биология, химия, физика жана информатика боюнча эл аралык жарыштарга катышуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлдү. Тандоо туру онлайн жана офлайн түрүндө өтөт. Катталуу 18-ноябрда башталат.
Өлкөдө эми жарык берүүчү аспаптардын сапатын жана майнаптуулугун текшерүү иштери жүргүзүлө баштайт. Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын алкагында,“Россия Федерациясынын Трасттык фондунун каржылык колдоосу менен заманбап лабораториялык шаймандар алынып келинди. Тагыраагы, гониофотометрикалык орнотуу, спектрорадиометр, фотометрикалык шар, калибровкалоочу лампалар жана башка кошумча аспаптар. Анын жалпы суммасы 120 миң АКШ долларын түздү.
Мамлекетибиз көз карандысыздыкты алгандан бери өлкөдө балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн шарттары жана механизмдери жакшырды. Бул тууралуу бүгүн семинардын жүрүшүндө белгиленди. Иш-чара «Бир дүйнө-Кыргызстан»документалдык фильмдердин эл аралык фестивалынын алкагында өткөрүлдү. Ага саламаттыкты сактоо министрлигинин, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо тармагындагы эксперттер жана ден соолугу чектелген балдардын ата-энелери катышты.
Кыйынчылык шарттарына карабай, бийликтин бардык бутактарында бирдиктүү өнүгүүдө келе жатат. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда «Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» долбоорун кароодо билдирди. Премьер министр бул мезгил аралыгында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берип, бюджет өзүнүн социалдык багытын сактап калгандыгын белгиледи. Мисалга алсак, бир нече социалдык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды.
Бишкектин жаңы конуштарына газ киргизүү ийгиликтүү ишке ашууда. Бул ирет да Алтын-Бешик жаңы конушунун жашоочулары жаратылыш газы менен камсыз болду. Калктуу конушка газ берүү салтанатына Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынын кызматкерлери, “Газпром Кыргызстан” компаниясынын өкүлдөрү жана конуш жашоочулары катышты.