Ош шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көп кабаттуу үй курулат. Учурда үйгө керектүү жер каралып жатат. Алдыда жеке курулуш компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп, турак жай салынат. Бул тууралуу калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов билдирди.
Кыргызстанда 764 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Мамлекеттик каттоо кызматы тараткан маалыматка ылайык, алардын асты 16га чыкса, арты бир-эки айлык ымыркайлар. Өкмөттүн балдарды документтештирүү программасынын негизинде күбөлүктөр жеңилдетилген түрдө жана акысыз берилүүдө.
Жалпы наркы 500 миллион АКШ долларына барабар мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде түзүлгөн 23 долбоордун техникалык экономикалык негиздемелери даяр. Бул тууралуу бүгүн “Мамлекеттик жеке өнөктөштүк – кызматташтыкпы же атаандаштыкпы?” деп аталган тегерек столдо белгилүү болду. Бул боюнча иштер 2017-жылдан бери тынымсыз жүргүзүлүп келет. Аз күн мурда Жогорку Кеңеште тиешелүү мыйзамга толуктоо, өзгөртүүлөр киргизилди.