Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Өлкөдө өздүк коопсуз санариптик инфраструктураны курууга байланыштуу долбоорлор ишке ашырылууда

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерди киберкоопсуздукка көбүрөөк көңүл бурууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн “Дижитал Алматы” форумунда сүйлөп жатып билдирди. Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан үчүн жасалма интеллектти пайдалануу актуалдуу, ал эми санариптик технологияларды ишке киргизүү мамлекеттин саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруудан былтыр бюджетке 2 миллиард 400 млн сом түшкөн. Ошондой эле ижарага берилген 10 миң 500 мамлекеттик имараттын электрондук реестри иштелип чыккан. Учурда мүлктөрдү ижарага берүү бүткүл республика боюнча электрондук ауцион аркылуу онлайн режимде өткөрүлөт. Тааныш билиш менен мүлкө ээ болуу өткөндүн бир элеси болуп калды.

Бишкек шаарынын мэриясы 2019-жылы мурда башка жактарга мыйзамсыз өтүп кеткен 4 бала бакчанын имаратын өз балансына кайтарган. Учурда бул имараттарды кайра калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Аскат Медетбек уулу билдирди. Анын айтымында, 6-кичирайонунда жайгашкан №14 бала бакчада ремонт иштери соңуна чыгып калды. Ал 1-июнь “Балдарды коргоо” күнүндө бөбөктөргө белек катары пайдаланууга берилет.

Кыргызстанда эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди даярдоо — курч көйгөй. Мындай жагдайдан чыгуунун бирден-бир жолу — билим берүү тармагын өнүктүрүү программасын жүзөгө ашыруу. Бул тууралуу “Квалификациялардын улуттук системасы” аттуу тегерек столдо айтылды. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Кепилдик фонду аймактардагы ишкерлерге колдоо көрсөтүүнү улантат. Аталган фонд региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында өлкө аймагындагы ишкерлерге насыя алууда жана бизнес-пландарды түзүүдө колдоо көрсөтүп келет.

Чыңгыз Султай уулу 2017-жылы өлкөнүн тарыхында биринчи жолу Румынияда өткөн окуучулар арасындагы шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү орунду багындырып, коло медалга ээ болгон. Азыркы тапта жаш талант АКШда жашайт. Өзү чет жакта билим алып жатса да ар кандай турнир, Азия жана дүйнө чемпионаттарында Кыргызстандын атынан чыгып, өлкөнүн желегин желбиреткенге болгон күчүн жумшап келет.

Желдей тездик менен тараган коронавирусту алдын алуу максатында калаа ичинде медициналык бет кап кийгендер көбөйдү. Учурдан пайдаланган ортомчулар дарыканалардан бет кап сатып алып, аны кайра эле аларга кымбат баада сунуштап жатышат. Күн мурун маалымат каражаттары дүңүнөн саткан жерден 500 миң бет кап алып кеткен жаран тууралуу жазып чыгышкан. Мындан улам министрлик бир адамга 20дан ашык бет кап сатпоону сунуштады.

Борбор калаадагы экологиялык абал – актуалдуу маселелердин бирине айланды. Ошондуктан мындай абалдын негизги себептерин так аныктап, экологияны калыбына келтирүү үчүн тезирээк чара көрүш керек. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектин экологиясы боюнча кезектеги чогулушун өткөрдү. Маселени чечүү жолдору табылдыбы?

Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана менеджмент факультетинин жанына салынып жаткан көп кабатуу үй курулуш нормативдерин сактабай жатат. Окуу жай жамааты мына ушундай пикирде. Алардын айтымдарында көп кабаттуу үй факультетке жакын курулуп, кооптуу абал жаратууда. Ал эми курулуш компаниянын өкүлдөрү белгиленген нормалар сакталып, тийиштүү кызматтардан бардык уруксат кагаздар алынган дешет.

Кыргызстандагы айрым мектептердин 10-11-классынын окуучулары өзү тандаган гана сабакты окуй башташты. Азыркы тапта өлкө аймагынын 24 мектебинде “кесипке багыт берүүчү” сабактар өтүлүүдө. Долбоор быйыл ийгиликтүү жүзөгө ашса, келерки жылы бул өлкө аймагынын бардык мектептерине жайылтылат.

2018-жылдын аягында транспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү тармагындагы коррупциялык элементтерди жоюу максатында Кыргызстанда «Унаа» мамлекеттик мекемеси түзүлгөн. Бирок айрым эксперттердин пикиринде аны менен эле көйгөй чечилип калбай, ишкананын аты эле өзгөргөнү болбосо, башкасы ошол бойдон эле турат. Жакында эле мекеме жетекчиси Алымжан Козубаевдин кызматкерлердин жумуштук келишимдерин узартуу үчүн ар биринен 2000 АКШ долларын талап кылганы тууралуу басма сөз беттериндеги маалыматтар буга кошул-ташыл болуп кетти.

Өлкө аймагында эми 8 окуу-өндүрүштүк комплекси ачылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Окуу-өндүрүштүк комплекстер -бул студенттерге теориялык билимди практикалык жактан бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет.