Шаршемби, 1 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жаңылыктар: саат 20:00до //дүйшөмбү//20.01.2020

Эмгекчил, кесипкөй мекендештерибиздин салымы аркылуу өлкөбүз өнүгүүдө. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды тапшыруу аземинде билдирди. Үзүрлүү ишинин аркасынан сыйлыкка жетишкендердин катарында коомдук ишмерлер, маданият, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, айыл чарбасы, курулуш тармактарынын өкүлдөрү бар.

Быйыл Ош шаарынын бюджети 194 млн 979 миң сомго көбөйөт. Казына чогултулган салыктын эсебинен көбөйтүлдү. Эми бюджет боюнча коомдук талкуу өтүп, андан соң ал шаардык кеңештин кезектеги сессиясында бекитилет. Бул каражаттар кайсы тармактарга жумшалат?

Бишкек шаарынын Дайыр Асанов атындагы паркында Ленинград шаарынын фашисттердин курчоосунан бошотулганына арналган митинг-реквием өттү. Эскерүү иш-чарасына Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, коомдук ишмерлер жана согуш ардагерлери катышты. 900 күнгө таяган Ленинград блокадасы учурунда жүз миңдеген жай тургундар курман болушкан. Курчоодо калган калаадан 16 миңден ашуун адам Кыргызстанга көчүрүлгөн.

Эми инклюзивдүү окутууда жаңы методдор колдонулат. «Тач менф» аталышындагы жаңы программа аркылуу аутизм менен жабыркаган балдар роботтун жардамы менен билим ала башташат. Белгилей кетсек, былтыр өкмөт инклюзивдүү билим берүү жана ал үчүн атайын мугалимдерди жана психологдорду даярдоо боюнча атайын токтом кабыл алган.

Сапарбек Касмамбетов «Манас» эпосун оозеки жана жазма тилде чебер аткара билген манасчылардын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири эле. Анын кыргыздын көөнөргүс көркөм-рухий мурасын улуттук жана эл аралык деңгээлде таанытууга кошкон салымы зор. Сапарбек Касмамбетовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 21-январда эртең мененки саат 10:30да Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп, сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Жол эрежесин бузуулардын жети пункту боюнча айып пулдун өлчөмү 3 000 сомдон 1 000 сомго чейин төмөндөтүлдү. Бул тууралуу кененирээк Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Тилек Исаев айтып берди.