Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Тротуарларга салынган мыйзамсыз курулуштар

Ош шаарынын башкы планына ылайык, 1300 чакырым жер тротуар үчүн каралса, иш жүзүндө анын 500 чакырымы гана колдонулат. Анткени алардын басымдуу бөлүгүн соода күркөлөрү же жеке менчик ээлери мыйзамсыз түрдө тосуп алышкан.

31-январда Жапониянын Кыргызстандагы элчилигинде жалпы суммасы 330 миң доллар өлчөмүндөгү гранттык каражатка кол коюлду. Бул каражаттар Аксы районундагы мектептерге, Төмөнкү Серафимовкадагы карылар жана майыптар үйүнө, Токмоктун экологиялык абалын жакшыртууга, Ат-Башы жана Баткендеги психикалык ден соолук жана санитардык-эпидемиологиялык борбордун шартын жакшыртуу жана техникалык колдоого жумшалмакчы.

Азиялык медицина институтунда 18 өлкөдөн төрт миңден ашуун студент билим алат. Окуу жайдын Кант шаарында жайгашып калгандыгынын башкы себеби – бул региондорду өнүктүрүү. Азиялык медицина институтунун эң негизги өзгөчөлүгү сапаттуу билим берүү жана паракорчулуктун жоктугу.

Кыргызстанда 4 жылдан бери 1-февралда бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү белгиленип келет. Бул датага карай Бишкектеги соода борборлордун биринде чоң масштабдагы иш-чара өттү. Анын жүрүшүндө кызыктуу мастер-класстар жана сынактар уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты жоолук салынуу боюнча калыптанган жаңылыш ой-пикирлерди жокко чыгарып, анын салынуу маданиятын айтып берүү жана айымдардын ортосундагы достук, биримдик, ынтымактык сезимдерди күчөтүү болуп саналат.

Бүгүн “Манас” эл аралык аба майданына «Тегеран-Душанбе-Бишкек-Тегеран» чартердик аба каттамы боюнча алгачкы учак конду. Кайрадан жанданган аба каттамы эки мамлекеттин ортосундагы алаканын мындан ары да бекемделишине жакшы шарт түзөт. Эми жүргүнчүлөр каттам аркылуу ар дүйшөмбү сайын жумасына бир жолу Кыргызстандан Иранга түз, Ирандан Кыргызстанга Тажикстан аркылуу уча алышат. Учууда жүргүнчү бир багытка болгону эки жарым саат убактысын сарптайт.

Акыркы мезгилдерде жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн коомдук транспорттун айдоочуларын канчалык тартипке чакырган менен жыйынтык байкалбай келет. Тескерисинче кайра эле тыюу салган жерден токтоп, атаандашып ылдам айдамай көрүнүшү күчөдү. Мындай көрүнүштүн кесепетинен маршруттук таксилер кырсыкка кабылган учурлар да арбып келет. Анын кесепетинен жүргүнчүлөр жабыркап, өлүм менен коштолгон да учурлар жок эмес. Ошол эле учурда, шаардагы коомдук транспорттун эң эле кеңири тараган түрү мына ушул маршруттук таксилер. Жүгүрчүлөрдү жык жыйма жүктөп алган маршруттук айдоочуларга калк арасында дооматтар көп эле айтылып келет. Борбордун чок ортосунда кыймылга тоскоол жаратып, ал тургай санитардык коопсуздугу сакталбаган саны көп маршруттук таксилердин ордуна жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу автобустардын саны көбөйтүү сунуштары мындан бир канча жыл мурун эле көтөрүлүп келет. Ал арада мэрия жаз айларында борбор калаага 515 автобус жана 100гө жакын электробус сатып алууга белсенип жатыптыр. Албетте, келечекте экологияга зыянын тийгизбеген электробустардын шаар ичинде каттап калышы кубандырат. Ал эми учурдагы калкка кызмат көрсөткөн транспорттордун абалы, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу?