Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргызстандын аэропорттору менчиктештирилбейт, алар тышкы башкарууга берилет

Кыргызстандын аэропорттору менчиктештирилбейт, алар тышкы башкарууга берилет. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Калктын жүрүү эркиндигин камсыздоо жана өлкөнү транспорттук туңгуюктан чыгаруу максатында Кыргызстан коопсуз, суроо-талапка ээ коридору бар транзиттик өлкөгө айланышы керек. Бул тармактагы долбоорлорду ишке ашыруунун негизги каражаты мамлекеттик-жеке өнөктөштүк болот.

Чек арага жакын жайгашкан айылдардын суу көйгөйү чечилет. Алдыда өнөктөштөрдүн колдоосу менен 2026-жылга чейин пландалган таза суу долбоорун 2023-жылга чейин бүтүрүү милдети турат. Белгилей кетсек, башкы этапта сууга муктаж болгон 653 айыл аныкталган.

Жаңы түзүлгөн Милициянын кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 2020-жылдын январь айында 7 миңден ашык жол эрежесин бузуу боюнча протокол толтурулду. Мындан сырткары, тескөөчүлөр 102 кызматына түшкөн алты миңге чукул чалуу боюнча ыкчам чараларды көрүшкөн. Эске салсак, алардын негизги жумушу – белгиленген аймакты күзөтүп, укук бузуулар катталган жерге көз ирмемде барып калышы керек.

Эми билим берүү тармагындагы бухгалтерлердин иши санариптештирилип, бир тутумга бириктирилет. Мунун негизинде агартуу тармагында эмгектенген мугалимдердин айлык маяналары автоматтык түрдө эсептелип, бюджеттен бөлүнгөн акчаны туура пайдаланууга, бухгалтерлердин ишин көзөмөлдөп турууга мүмкүн болот. Ошондой эле бул программа эсепчилер үчүн мугалимдерге маянаны эсептеп берүүдө ыңгайлуу, жеңил жана убакытты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Ат-Башыда курула турган индустриалдык-соода-логистикалык борбор Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иш жүргүзөт. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, логистикалык борбордо 15 миң киши иштейт. Келишимге ылайык, алардын он пайызы гана башка өлкөнүн жарандары болот. Алар болгону адистерди окутуу-үйрөтүү үчүн гана келет.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети изилденбеген тилкелерге лицензияны биринчи келип түшкөн табыштамага берүү тууралуу мыйзам нормасын жокко чыгарууну сунуштап жатат. Бул бир катар уруксат берүүчү документтерди берүүдө жеке кызыкчылыктарды колдонууга жол бербейт. Анткени буга чейин инвесторлор коррупциялык көрүнүштөргө кабылганы белгилүү. Комитеттен белгилегендей, бул норманын жоюлушу тоо-кен тармагына инвестициянын тартылуусуна жагымдуу шарт түзмөкчү.

Быйыл Ош шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн 2 миллионго жакын гүлдөр тигилет. Азыркы тапта гүлдөрдүн уруктары себилип, күнөсканада өстүрүлүүдө. Мындан сырткары, түштүк борборго 100 миңге жакын көчөт отургузуу пландалууда.