Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Президент бизнести коргоо менен бирге ишкердүүлүктү да өз миссиясын ак ниет аткарууга чакырды

Курулуш тармагындагы тоскоолдуктар бизнестин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында билдирди. Анда өлкө башчысы коррупцияны жокко чыгаруу үчүн санариптик технологияларды тездетип киргизүү керектигин жана мамлекеттик органдар менен адамдын байланышын максималдуу жокко чыгаруу зарылдыгын баса белгиледи. Комитеттин кезектеги отурумуна мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын, бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Бул ирет инвестициялык климатты түзүү, ишкердикти коргоо жаатындагы маселелер каралды.

Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы чоң. Өлкө аймагында электростанцияларды курууга жакшы мүмкүнчүлүктөр дагы бар. Дал ошол себептен бул тармак дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттерин кызыктырып, Кыргызстан менен кызматташууга көп өлкө дилгир.  Гидроэнергетика жаатына биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу максатында өлкөгө Япониядан атайын делегация келген. Бул Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун өткөн жылдын 21-23-октябрында Японияга жасаган сапарынын алкагында кол коюлган келишимдердин алгачкы жыйынтыктары десек болчудай.

12-февраль бүткүл дүйнөлүк өндүрүш күнү. Бул датаны утурлай, борбор калаада өспүрүмдөр арасында республикалык илимий-техникалык олимпиада өттү. Ага өлкөнүн жети дубанынан таланттуу, техника жана илимге кызыккан 100гө чукул улан-кыздар келип билимин сынашты.

Быйыл өлкөдө парламенттик шайлоо өтөт. Буга карата даярдыктар азыртадан эле кызуу башталгандай. Социалдык тармактарда жана түрдүү мессенджерлерде жакшы да, жаман да багытка үндөгөн чакырыктар пайда боло баштады. 1* Өзгөчө Ат-Башыда курула турчу логистикалык борбордун айланасында түрдүү кептер жүрүп жатат. Ички иштер министрлиги мындай булагы такталбаган билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырат. Себеби болбогон нерсенин айынан жоопкерчиликке тартылып калуу толук мумкүн.

Бүгүн түштүк калаада «Ош облусун интеграциялык өнүктүрүү» долбоорунун үч жылдык жыйынтыгы чыгарылды. Бул программа «Орусия ПРООН” фонду тарабынан каржылаган. Анын алкагында облустагы үч райондо 173 долбоор ишке кирген.

Региондорду өнүктүрүүдө туризм ажырагыс бөлүк катары каралат. Бул тууралуу туризмди өнүктүрүү боюнча жыйында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Айтымында, былтыр Кыргызстанга сегиз жарым миллион чет элдик жаран келип кеткен. Анын ичинен 290 миңге жакыны гана алыскы чет өлкөлөрдүн жарандары. Булардын ичинен канчасы “турист” деген категорияга туш келери тууралуу так маалымат жок.

Инвесторлорго жардам берип, жол көрсөткөн бирден-бир мамлекеттик мекеме бул — Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги болуп саналат. Былтыр аталган агенттик тарабынан 64 млн долларды түзгөн 7 ири инвестициялык долбоор ишке ашырылып, миңге жакын жумушчу орундары түзүлгөн.

102 кыргызстандык ишкана ЕАЭБдин бирдиктүү реестринде катталды. Бул ишканалардын басымдуу бөлүгү сүт азыктарын чыгаруу, бал иштетүү жана чогултуу менен иш жүргүзүп келген. Ошондой эле аталган реестрге союлган малдын этин кайра иштетүүчү ишканалар да кошулду. Бул өз кезегинде өлкөнүн экологиялык жактан таза продукциясы эл аралык рынокто атаандаштыкты жаратууга мүмкүнчүлүк алганынан кабар берет.

Улуттар аралык ынтымак — ар бир жарандын тандоосун сыйлоодон башталат. Өлкөдөгү стабилдүүлүк жана өнүгүү дагы республика аймагында жашаган жарандардын ынтымагы жана биримдигинен көз каранды. Орус улутунун өкүлү Сергей Бирюков Жылдыз аттуу кыргыз кызына үйлөнүп, учурда бактылуу бир кызды тарбиялап келишет. Түгөйлөрдүн туугандары менен жакындары кеңешип, үлпөт тойду эки элдин салтын эске алып өткөрүшкөн.

Электрондук коммерцияны киргизүү менен Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны дүйнөлүк базарга чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал аркылуу биздин ишкерлер Амазон сыяктуу ири компаниялардын аянтчаларына катыша алышат. Бул жөнүндө бүгүн Президенттик Аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди. Анын айтымында, өлкөдө электрондук соода жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыккан. Ал былтыр өткөн Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйынында берилген тапшырманын негизинде аткарылган.