Ишенби, 27 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасынын жогорулаганы байкалган жок

Коронавирус илдетин жуктургандардын саны дүйнө жүзүндө 134 миң адамдан ашып, бирок анын тең жарымы сакайды. Ал эми илдеттин айынан 4964 адам жарык дүйнө менен кош айтышты. Бул оору 120 мамлекетке канатын жайып Борбор Азияга да жетип келди. Кытайдан кийинки экинчи орунда келе жаткан Италияда супермаркеттер менен дарыканалардан башка бардык эс алуучу жайлар жабылса, Германияда дүкөн текчелери уй жалап кеткендей бопбош калды.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоого үгүт иштери башталды. Эми бир ай аралыгында саясий партиялар көчө бойлой баннерлерин илип,
маалымат каражаттары, социалдык тармактар аркылуу агитация жүргүзө алышат. Белгилей кетсек, 12-апрелде Балыкчы, Каракол, Майлы-Суу, Ош жана Токмок шаары менен 25 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

1-апрелден тарта кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, товарларды импорттоочу жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураны милдеттүү колдонууга өтүшөт. Буга ылайык, жер-жерлерде бардык салык төлөөчү ишкерлерлерге атайын адистер тарабынан түшүндүрүү иштери жана акысыз окутуулар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы Нурлан Жумабеков билдирди. Бүгүнкү күндө электрондук эсеп-фактураны 2 миң 154 компания пайдаланууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Жогорку сотуна барып, сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү жана Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып, Жогорку соттун судьялары менен да жолугушту. Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын айтымында, өлкөнүн жергиликтүү сотторунда бардык инстанциядагы соттордун ишинде жумуш процесстерин автоматташтырууга багытталган маалыматтык тутум орнотулуп, иштеп жатат.

Өкмөт зарылдыкка жараша ата мекендик ишкердикти колдоо саясатын күчөтүп, бизнести колдоо боюнча кошумча чараларды кабыл алат. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев улуттук валютанын курсунун төмөндөөсүнүн кесепеттерин турукташтыруу боюнча өткөн кеңешмеде билдирди. Анын айтуусунда, мамлекеттик сатып алуулар процессине жергиликтүү компаниялардын катышуусун колдоо боюнча иштер күчөтүлүп, товарларды, кызматтарды көбөйтүүгө артыкчылык берилет.

Япония Кыргызстанга 8 миллион долларлык кайтарымсыз жардам берет. Мындай келишимге Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигэки менен БУУнун өнүгүү программасынын төрайымы Луиз Чемберлен жана БУУнун Балдар фондунун төрайымы Кристин Жольм кол коюшту. Эми, кол коюлган келишимдин негизинде каражаттар Кыргызстанда шайлоолордун ачык жана таза өтүшүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясына жана “2024-жылга чейин Кыргызстандагы коопсуз мектеп жана мектепке чейинки мекемелер” долбооруна берилет.

«Айыл инвестициялары — 3» долбоорунун алкагында эми элетте жаңы бала бакчалар, фельдшердик-акушердик пункттар салынып, мектептер оңдоп-түзөөдөн өтөт. Мындан сырткары, көчөлөргө асфальт төшөлүп, жарыктандырылат. Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине бул өңдүү 200дөн ашык долбоордук иштер келип түшкөн. Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу аркылуу жүзөгө аша турган айыл жергесинен сунушталган долбоорлор онлайн режимдеги сынакта комиссиялардын баалоосунан өтүүдө.