Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Келечектеги дүйнө чемпиондору

Муз үстүндө бийлөөнүн мекени деп Нидерланддар менен Англия өлкөлөрү эсептелет. Оор, бирок ошол эле учурда көркөмдүүлүгү менен көз жоосун алган спорттун бул түрү 13-14-кылымда эле пайда болгон. Ал эми өлкөбүздө муз үстүндө бийлөө 2010-жылдан кийин гана жанданган. Ошол жылы федерация түзүлүп, жыл бою иштей турган жабык имараттагы жасалма муз майдандары ачылган. Чет өлкөдөн келген тажрыйбалуу машыктыруучулар өспүрүмдөрдү тарбиялап, машыктырып башташкан. Алардын шакирттери учурда эл аралык мелдештерге катышып, жеңишке жете баштады.

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус илдети каттала элек болсо да, анын алдын алуу чаралары мамлекет тарабынан катуу көзөмөлгө алынып жатат. Бир гана Бишкекте эмес, өлкөнүн жети дубанында тең дезинфекциялоо иштери коомдук жайларда байма-бай жүргүзүлүүдө.

Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга келишине тыюу салынат. Ошондой эле тойлорду өткөрүүгө дагы тыюу салынып, аны аткарбагандар жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди. Айтымында, учурда жалпы эле массалык иш-чараларга, той-кечелерге 3 жумага тыюу салынып жатат. Эгер тойлорду өткөргөн учур катталса, анда эки жак тең — ижара берген ресторан ээси жана той өткөрүп жаткан адам жоопкерчиликке тартылат. Коронавирустан улам дагы кандай чектөөлөр кирди?

Бүгүн калаа башчысы Азиз Суракматов тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Бишкек шаарынын базарларын кыдырып чыкты. Ал унга болгон баа катуу көзөмөлгө алынарын, абалдан пайдаланып наркты өз алдынча көтөргөн соодагерлерге укук коргоо органдары чара көрө турганын билдирип, бир кап ундун баасы 1 миң 450 сомдон ашпашы керектигин билдирди. Ошол эле учурда шаар мэри азык-түлүк менен соода кылгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Кыргызстандын тарыхында Аксы окуясы деген ат менен белгилүү болгон саясий нааразычылыкка чыккан элге ок атылган кандуу окуяга бүгүн, 17-мартта 18 жыл болду. Мамлекет башчысы 2002-жылдагы Аксы окуясында жана 2010-жылы Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы Апрель окуясында эркиндик үчүн курман болгондордун элесине таазим кылып, гүл койду.