Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кытайдагы карантинге алынган жарандар активдүү жашоо образын жүргүзүшүүдө

Коронавируска каршы күрөшүүдө ар бир кызматкер өзүнө коюлган талаптарды аткарышы керек. Мындай пикирин өткөн жумада болгон Коопсуздук кеңешинин чакан курамынын жыйынында Президент Сооронбай Жээнбеков билдирген. Мындан тышкары өлкө башчысы калктын саламаттыгы баарынан маанилүү экенин баса белгилеп, бул оору боюнча абал өзүнүн жеке көзөмөлүндө экенин айткан.

Коронавирус илдети күн ысыса басаңдайт дегенге азырынча жетиштүү далилдер жок. Бирок буга чейин кездешип келген дем алуу органдарындагы вирустук инфекциялар менен салыштырсак, ал аба ырайынын жылышы менен басаңдайт. Ал эми күз келгенде кайрадан көтөрүлүшү да ыктымал. Мындай божомолду Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгү келтирди.

Чет элдиктердин Кыргызстанга кирүүсүнө чектөө киргизилди. Бирок өзүбүздүн жарандар эч тоскоолдуксуз өлкөгө кире берет. Учак менен өлкөгө келип жаткандарды кароо, өткөрүү ишин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов текшерди. Муну менен катар обсервациялык аймакта көрүлүп жаткан коопсуздук маселесине да көңүл бурду.

Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында республикалык штабдын тынымсыз байланыш номурлары иштей баштады. Эң башкысы “паникага” алдырбоо керек деген коңгуроону адистер саат сайын кагышууда. Ар бир ооруну дарыгерлердин айткан эрежесин сактап, тартип менен жеңсе болот.

Коронавирус жуктуруп алган үч жаран тыкыр көзөмөлдө. Алар менен бирге Сауд Аравиясынан учуп келген 135 жүргүнчүнүн баары карантинге алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков маалымат жыйын учурунда билдирди. Ошондой эле ал соңку учурда 1000ге жакын кыргызстандык Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келгенин белгиледи. Учурда алар да карантинге алынып жатат. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Өкмөт күнү-түнү иштөө режимине өттү.

Кичи ажы сапарынан келгендердин арасында Ош облусунун да тургундары бар. Азыркы учурда алар такталып, обсервацияга алынды. Оштогу абал, коронавирус катталса кандай чаралар көрүлөт жана даярдыктары тууралуу кийинки сюжетте.

Учурда болуп жаткан кырдаалга байланыштуу өкмөт бардык облус, райондордун жетекчилери менен биргеликте азык-түлүктүн запасына жана наркына саат сайын мониторинг жүргүзүп жатат. Азыркы тапта бардык кампаларда тамак-аш продуктуларынын запасы жетиштүү. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев ун жана ун азыктарын өндүрүүчү ишканалар менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып өттү.