Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кытайлык доктурлар Италияга коронавирус менен күрөшүү үчүн жөнөп кетишти

Азык-түлүк тартышыгы болбойт! Учурда «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу унаалар тоскоолдуксуз биринчи керектелүүчү азыктарды алып өтүшүүдө. Болгону башка өткөрмө пункттары жабык болгондугуна байланыштуу автоунааны дезинфекциялоо жана айдоочуну тыкыр текшерүү үчүн бир аз убакыт талап кылынып жатат. Оор жүк ташуучу унаалар кандай тартипте өткөрүлүүдө?

Доллардын курсу алдыңкы күндөрдө турукташат, бирок кайсы көрсөткүчкө барып токтоорун азырынча божомолдоо кыйын. Мындай пикирин брифинг учурунда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Кечээ 85 сомго чейин чыгып кетсе, бүгүн анын наркы төмөндөп, орточо 78 сомдун тегерегинде сатылууда.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов баш болгон тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү маалымат каражаттары менен биргеликте борбордогу соода түйүндөрүн жана дарыканаларды текшерди. Анын негизинде кээ бир тамак-аш азыктарына, маселен ун, антисептикалык каражаттарга, бет каптарга баа жогорулатылганы жана текчелерде аз өлчөмдө экени аныкталды.

Коронавирустун жаңы учуру катталган 3 адамдын абалы туруктуу. Алар медицина кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлүндө бактерияга каршы клиникалык дарылануусун алып жатат. Ош облусунун Ноокат районунда коронавирус аныкталгандар менен чогуу умра сапарынан бир учакта келген 282 адамдын тизмеси такталып, обсервацияга алынууда. Акыркы маалыматтар боюнча изоляцияда 410 адам, ал эми 1042 жаран карантинде.

Учурда ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө, эч кандай тартип бузууларга жол берилбейт. Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун коронавирустун өлкөгө киришинен улам кылмыштуулук өсүшү мүмкүн деп жогорку трибунадан айтканы боюнча жооп берди. Министрлик мындай пикир чындыкка дал келбейт деп, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын баса белгиледи.

16-марттан тарта коронавирустук инфекциянын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын алдында атайын пресс борбор иштеп баштады. Борбордун кызматкерлери, биринчи кезекте, өлкөдө болуп жаткан кырдаал боюнча акыркы маалыматтарды ыкчам таркатуу менен алек. Штабдын расмий жана такталган маалыматын кайдан алса болот?

Бишкек, Кыргызстан — АКШ өкмөтү, АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу, үч уюмга 66 миллиондон ашык сом (913 миң АКШ доллары) бөлүп берди. Ал каражат Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү аракеттерин колдоого багытталат. Инфекция көзөмөлү, ооруну аныктоо, алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоого өзгөчө көңүл бурулат. Бул приоритеттик багыттар жана ага тиешелүү иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана өкмөтү менен биргеликте аныкталды.

Бул каражат үч уюм аркылуу берилет. Алардын биринчиси Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму. Ал коргонуучу жабдуулар менен камсыз кылуу, байкоо жүргүзүү, лабораторияларды колдоо жана пандемияга каршы иш-аракеттерди координациялоо боюнча иштейт.

Экинчи уюм — Abt Associates ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү саламаттыкты сактоо системаларын чыңдоо” долбоору. Бул уюм инфекцияны алдын алуу жана көзөмөлдөө, байкоо жүргүзүү, жаңы учурларды аныктоо боюнча иштейт. Муктаждык болсо, бул долбоордун алкагында ооруну контролдоого зарыл болго кошумча медикалык жабдык сатып алынат.

Үчүнү уюм — Кызыл ай жана кызыл крест коомдорунун федерациясы (Кызыл ай коому). Ал элди вирустан сактануу жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу, коомчулуктардын даярдыгын күчөтүү жана вирус жугуп калуу мүмкүнчүлүгү жогору болгон адамдарды табуу боюнча иш алып барат.

Мындан тышкары, 11-мартта USAID Кыргызстандын медикалык жана башка кызматкерлери үчүн атайын коргонуу жабдыктарын өткөрүп берди. Алардын арасында 10 миң хирургиялык маска, 10 миң мээлей, 1,4 миң хирургиялык костюм жана 200 коргоочу көз айнек бар. КР Мамлекеттик санитардык жана эпидемиялогиялык кызматы бул жабдык менен COVID-19 вирусун аныктап жана ага каршы күрөшүп жаткан тиешелүү кызматкерлерди камсыз кылып жатат.

АКШ Өкмөтүнү дүйнө боюнча ВИЧ жана кургак учук сыяктуу жугуштуу ооруларга жана COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн дараметин күчөтүү боюнча иш алып барат.

Ош шаарынын Фуркат айылында, Кулатов кичирайонунда жана борбордук базарында ун сатуучу жайлар ачылды. Анда биринчи сорттогу бир кап ундун баасы 1350 сомдон сатылууда. Белгилей кетсек, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу түштүк калаада унга болгон муктаждык күчөп, узун кезек жаралган эле.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Ал эми өзгөчө кырдаал киргизилген Сузак районунда абал тыкыр көзөмөлдө турат. Аймакта санитардык-дезинфекциялык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Учурда Жалал-Абад облустук ооруканасында коронавирус тастыкталган 3 адам дарыланууда. Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, азыркы тапта бейтаптардын абалы туруктуу. Мындан сырткары, ооруну жуктурган үч адам менен кошо бир каттамда Кыргызстанга 144 адам келгени маалым болду. Анын 142си изоляцияда, экөөсү Өзбекстанга кеткени айтылды.

Жаздын келиши менен борбор калаа гүлгө оронуп, шаар тургундарынын маанайын көтөрөт. “Бишкекжашылчарба” ишканасы берген маалыматка ылайык, быйылкы жылы 1 миллионго жакын гүл отургузуу пландалган. Апрель айынын ортосунан тарта гүлдөрдүн 28 түрү калаанын төрт районунан сырткары сейил бактарга, борбордук аянтка, маданий имараттардын айланасына жана парктарга тигиле баштайт.

Коронавирус илдети менен күрөшүүгө мамлекеттик казынанын резервдик бөлүгүнөн 1 миллиард сом бөлүндү. Аталган каражат өлкөгө азык-түлүк алып келүүгө жана илдетке каршы турууга жумшалат. Белгилей кетсек, инфекциянын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча жалпы кырдаал Мамлекет башчынын өзгөчө көзөмөлүндө турат.