Шаршемби, 8 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Коронавирус менен күрөшүүдө жасалып жаткан ар бир иш тууралуу маалыматтар ачык-айкын берилет

Коомчулукка өзгөчө абал маалында болуп жаткан коронавирус илдети менен күрөшүүдөгү иштер онлайн-брифинг аркылуу күн сайын түз алынып берилип турат. Учурда өзгөчө абал жарыяланган аймактарда коменданттар көзөмөл жүргүзүп, ар бир аткарылган иш боюнча маалымат берип жатышат. Белгилей кетсек, өзгөчө абал 25-марттан 15-апрелге чейинки убакытты камтыйт. Ал эми дезинфекциялоо иштерине байланыштуу шаардын көчөлөрүнө блокпосттор коюлуп, шаардын борбордук жолдору убактылуу жабык болот. Андан тышкары, өзгөчө абал жарыяланган башка аймактардагы эреже бузуулар, аткарылып жаткан иштер тууралуу дагы маалыматтар берилип жатат.

#коронавирус #covid #covid-19

Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 58ге жетти. Бүгүн COVID-19 вирусун жуктуруп алган 14 учур катталды. Учурда бул бейтаптардын сламаттыгы канааттандырарлык деп бааланууда. Ошондой эле, чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарынан да бул илдет аныкталууда. Жалпысынан чет жакта жүргөн беш кыргызстандыктан таажы вирусу аныкталды. Учурда алар тийиштүү дары-дармектерди алып, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

#коронавирус #covid #covid-19