Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

30-мартка карата дагы 10 коронавирусун жуктурган жаран аныкталды

Өлкө аймагында коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 94кө жетти. Бүгүн бул инфекцияга чалдыккан дагы 10 адам аныкталды. Өкмөт үйүндө өткөн учурдагы абал тууралуу маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, азырынча өзгөчө абал жарыяланган аймактарда 24 сааттык коменданттык саат киргизилбей турганын билдирди. Ал арада Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирустан айыккан үч жаран тууралуу маалымат берди.

29унан 30-мартка караган түнү коменданттык сааттын эрежелерин бузган 148 жаран кармалып, 18 автоунаа токтотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Негизи өзгөчө абал киргенден бери жалпы миңден ашуун жаран коменданттык сааттын эрежелерин бузду. Ал эми Бишкек шаарынын коменданты маалымат берип жатып, коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал учурунда журналисттердин көчөгө чыгып иштөөсүнө уруксат берилбей тургандыгын маалымдады.

#коронавирус #covid #covid-19

Азык-түлүк коопсуздугу — улуттук коопсуздуктун маанилүү бир бөлүгү. Ошондуктан, жазгы талаа жана айдап-себүү жумуштарына өзгөчө көңүл бөлүнүшү керек. Мындай пикирин мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевди кабыл алганда билдирди. Өкмөттүн өкүлү да бул жаатта быйыл өлкөдө маселе жаралбашы үчүн министрлик колдон келген аракетин жасаарын айтты.

#коронавирус #covid #covid19