Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

“Бирдиктүү терезе” көп жеңилдиктерди берүүдө

Узун кезекке туруп, убакыт короткон заман артта калды. Жарандар документтерди алуу жөрөлгөсү жөнөкөйлөштүрүлгөнүнө ыраазы. Буга чейин 5-6 саатка чейин кезек күткөн жарандар эми керектүү маалым каттарын алууга 5-6 мүнөт гана убакыт коротушат. “Бирдиктүү терезе” аркылуу дагы кандай шарттар түзүлдү?

Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратында салык төлөөчүлөр менен иштөөчү жаңы бөлүм түзүлдү. Эми аталган бөлүм аймактык салык кызматтарында салык төлөөчүлөр менен иштөөнүн деңгээлин жакшыртууну, «Бирдиктүү терезелерден» жарандарды сапаттуу жана ыкчам тейлөөнү камсыздайт. Ошол эле учурда жарандарды кабыл алууда кызматкерлердин орой мамилелерине болгон даттануулар, коррупциялык көрүнүштөр да эске алынат. Башкача айтканда, кызматкерлердин ишмердүүлүгүн ар бир райондун жетекчиси орнотулган видео байкоочу жабдык аркылуу онлайн түрүндө көзөмөлдөп турат.

Ош регионалдык курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгында бирдиктуу терезе системасы пайдаланууга берилди. Бирдиктуу терезе болуму ондоп тузоодон откон жаны орунда жарандарга талптагыдай ынгайлуу шартта кызмат корсотулуудо. Мекеме тарабынан жургузулуп жаткан иштер маалымат кызматкерлерине тааныштырылып, жергиликтуу тургундарды кабыл ала баштады.