Ишенби, 11 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Дүйнө жүзү боюнча 25 миңден ашык ак халатчан коронавируска чалдыкты

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча бир жарым миллиондон ашык адам коронавируска чалдыкты. Бул тизмеге инфекция жуккан адамдар менен түз байланышууга аргасыз болгон дарыгерлер кошулган. Бир нече жуманын ичинде Испания коронавирустун жугушу боюнча Италиядан ашып түштү жана Европадагы пандемиянын негизги очогу болуп калды. Бул жерлерде COVID-19 менен ооруган дарыгерлердин эң көп саны аныкталды.

Ал эми азыр болсо назарыңыздарды дүйнөдө болуп жаткан кабарларга бурабыз.

#коронавирус #вирус #covid19

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 90 миңден ашты. Ага байланыштуу, бүтүндөй республика боюнча ар кандай профилактикалык-маалыматтык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бүгүн борбор калаада Кызыл Ай коомунун өкүлдөрү жана республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери жарандарга вирустук оорулардын алдын алуу боюнча маалымат берди. Андан сырткары,шаар жашоочуларына илдеттен сактануу эрежелери жазылган маалымат баракчалары да таркатылды.

Коронавирустун айынан республикалык бюджетке 20 млрд сом түшпөй калышы мүмкүн. Андыктан мындай жоготуунун ордун көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу менен толтуруу керек. Мындай пикирин бүгүн өкмөттүн көчмө жыйынында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Жыйында мындан тышкары дүйнө жүзүндө түзүлгөн кризистик кырдаалдын Кыргызстанга тийгизе турган башка таасирлери да талкууланып, алдын алуу жолдору каралды.
Серепчилер Кытайдын Ухань шаарынан тараган коронавирустун жаңы түрү, башкача айтканда сovid-2019 илдети дүйнөлүк экономикага анын ичинде Кыргызстанга да терс таасирин тийгизип жатканын айтышууда. Оорунун кесепетинен дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү Кытай менен болгон чек араларын жапкан. Анын айынан дүйнөдө ар кандай товарларга, техникаларга жана башка керектөөлөргө муктаждык жаралган.

Бүгүнкү күнгө карата Кытайдан жайылган коронавирустун алдын алуу иштеринин алкагында өлкөдө обсервацияда 298 киши бар. Бул тууралуу биздин каналга Оорулардын алдын алуу департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди. Айтымында, бардыгы тиешелүү текшерүүлөрдөн өтүп, анализдери таза чыккан. Ошол эле маалда 571 адам жашаган жеринде дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Ал ортодо күн мурун «Манас» эл аралык аэропортунда коронавируска каршы уюштурулган дарыгерлердин окуу-машыгуусу Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан канааттандырарлык деп бааланды.

Коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 82 миңге жетип, 2800дөн ашык адам каза болду. Бирок, бул илдеттен сакайгандардын саны дагы күн санап өсүп, азыркы тапта 33 миң адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Учурда коронавирус дүйнөнүн 46 мамлекетинде катталды. Ал эми Кыргызстанда болсо эпидемиологиялык абал туруктуу. Тышкы иштер министрлигинин эсеби боюнча, оору катталган өлкөлөрдө 3 миң 102 кыргызстандык жаран бар. Алардын ичинен круиздик кемедеги бир кыргызстандыкта коронавирустун жеңил формасы бар экени аныкталып, Япониянын ооруканасына жаткырылды.

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус аныкталган жок. Учурда илдет боюнча дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун колдонмолоруна ылайык иштелип чыккан аракеттердин алгоритми боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Өлкөгө Кытай, Түштүк Корея, Япония, Иран жана Италиядан келген жарандар 14 күндүк карантинге алынууда. Ал эми учурда жогорку окуу жайларынан тартып бала бакчаларга чейин вирус тууралуу маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Учурда өлкөдө коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Вирус жуктуруп алган адамдар катталган жок. Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда илдетке каршы текшерүүдөн өткөндөрдүн саны 842ге жетти. Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барып жаткан эки лаборатория тең ЕАЭБдин бирдиктүү реестринде катталган жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда аккредитацияланган. Андыктан алардын иштөө сапаттарынан шек саноонун кажети жок.

Өлкөбүздүн атынан Кытайга гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Жалпысынан 7 тоннаны түзгөн жүктө медициналык каражаттар бар. Жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан “Торугарт” өткөрмө пунктуна чейин жеткирилип берилмекчи. Антисептик, зыянсыздандыруучу жана жеке коргоочу каражаттар буга чейин Кыргызстанга Кытайдан келген каттын негизинде жөнөтүлдү.

Реагенттерди колдонуу менен жүргүзүлгөн анализдердин жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда коронавирустун жаңы тиби аныкталган жок. Ал текшерүүчү реагенттердин 500 даанасы Россиядан жардам иретинде келген. Жакын арада мындай тест-системаларды Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да жиберери күтүлүүдө. Ал эми өлкөгө Кытайдан жана үчүнчү мамлекеттерден келген жарандарды дарыгерлер тиешелүү медициналык көзөмөлдөн өткөрүп жатат.

Кытай менен өлкөнүн Ош облусу да чектешет. Коронавирусту алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө максатында түштүк региондо да штаб түзүлгөнү маалым. Азыркы тапта ооруну жуктуруп же шек саналган жарандар катталган эмес.