Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Пенсия алуу жана тарифтик саясат

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 672 миң адам ар кандай категориядагы пенсионер болуп саналат. Ал эми үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айыларында пенсия жана жөлөкпулга 7 млрд 895 млн сом каржыланган. Негизи пенсиялык система заманбап коомчулуктун жалпы өнүгүшүн мүнөздөгөн бир топ факторлордон көз каранды. Буга байланыштуу, мамлекет жүргүзгөн пенсиялык жана тарифтик саясат учурда калыптанып жаткан, демографиялык, ошондой эле социалдык-экономикалык чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө өз учурунда жана тийиштүү түрдө жооп кайтарууга муктаж.

Кыргызстанда “Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети” системасына 14 миңден ашык адам катталды. 1-июлдан тарта ишке кирген система камсыздандырылган адамдарга, анын ичинде пенсионерлерге өз ара аракеттешүүнүн ыңгайлуу ыкмасын көрсөтүүгө багытталган. Натыйжада кайсы бир жаран социалдык фонддун бөлүмүнө келип, жумуштарын бүткөрүү үчүн адистерге кезеке турбайт. Анын ордуна өздүк кабинет аркылуу керектүү маалыматтарды аралыктан сурап, ала алат.

Россиянын Санкт-Петербург шаарында 20-декабрда болуп өткөн Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынынын жыйынтыгы менен бир катар макулдашууларга кол коюлду. Ал эми биздин өлкө үчүн маанилүү документтердин бири – биримдикке мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу боюнча макулдашууга кол коюлушу болду.