Узап кеткен жыл Кыргызстандын тышкы саясаты үчүн жемиштүү жылдардын бири болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 2019-жылдагы өлкөнүн тышкы саясатынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында билдирди. Белгилей кетсек, былтыр Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен 138 сапар болгон. Кыргызстанда бир катар ири эл аралык иш-чаралар уюуштурулуп, ийгиликтүү аяктаган. Ар бир жолугушуунун соңунда кандай реалдуу жыйынтыктарга жетишилди?
Кийинки жылы Киргизия 1, Чоң-Арык, Ынтымак, Рухий Мурас жаңы конуштар газ менен камсыз болот. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынын отчеттук пресс-конференциясында белгилүү болду. Маалым болгондой, келерки жылы газдын өлкө аймагындагы көлөмү 60% жетиши керек. Акыркы 5 жыл аралыгында газ абоненттеринин 20% га өсүшү байкалган.