Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз сүрөтчүлөрүн колдоодо

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз сүрөтчүлөрүн колдоодо. Буга ылайык “Интерьерге сейил” аталыштагы көргөзмө элчиликтин имаратында өтүп жатат. Анда кыргыздын таанымал таланттуу сүрөтчүлөрү Жылкычы Жакыпов менен Талант Огобаевге таандык сүрөттөр коюлган. Көргөзмө элчиликтин пландаган маданий иш чараларынын алкагында үч күнгө созулат. Иш-чаранын максаты: кыргыздын белгилүү сүрөтчүлөрүнүн эмгектерин Түркияга жана Кыргызстанга таанытуу, ошондой эле эки өлкөнүн маданий байланышын арттыруу болуп саналат.

Өкмөттүн 2018-2022-жылдарга бекитилген “Биримдик, ишеним, жаратмандык” программасынын алкагында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы  жана мелиорация  министрлиги менен биргеликте бир катар бей өкмөт уюмдар  бир топ алгылыктуу иштерди  жүргүзүп келет. Бүгүн борбор калаада дал ушул программанын айланасында форум уюштурулган. Иш-чарага Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы  жана мелиорация министрини орун басары Жаныбек Керималиев катышып, дыйкан-фермерлер бүгүнкү күндө регионалдык консултациялык кызматтардын көмөгү менен жакшы түшүм алууга жетишип жатат деп баса белгиледи.

Жарандар арыз муңун, чечилбеген көйгөйүн айтып Президенттин дарегине жыл ичинде миңдеген каттарды жолдошот. Жети дубандан биригип келген каттардын саны миңдеп саналат. КМШ жана башка чет  өлкөлөрдө эмгектенген жарандар эле 181 кайрылуу келип түшкөн. Жүргүзүлгөн талдоолорго ылайык 2019-жылдын 8 айында түшкөн кайрылуулардын саны өткөн жылга салыштырмалуу  9 пайызга азайган.

2020-жылы мугалимдердин айлык-акысын көтөрүүгө  Өкмөт 7 миллиард сом бөлөт. Бул тууралуу бүгүн  республикалык бюджетти талкуулаган өкмөт жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Ал келерки жылы, мыйзамдуу түрдө мамлекет каржылай турган иш-чаралар бар экенин айтып, бул багытта бюджеттин ачыктыгын жана кирешесин көбөйтүү максатында фискалдаштыруунун электрондук тутумун, электрондук эсеп-фактураларды, товарларды маркалоо тутумун, онлайн көзөмөл-кассалык унааларды киргизүү иштерин жүргүзгөн. Анткен менен Өкмөттүн кийинки жылга киреше бюджети 163, 7 миллиард сом, чыгаша болсо 173,6 миллиард сомду түзүүдө. Ал эми ортодогу тартыштык 9,9 миллиард сомго мерчемделген.

Ош шаарында авто тыгынды азайтуу аракеттери көрүлүүдө. Ал үчүн калаадагы айрым көчөлөрдү кеңейтилет. Ош шаарынын жолдору 1975-жылдагы генпландын негизинде 50-60 миң гана унаанын жүрүүсүнө ылайыкташкан.Бирок азыркы учурда калаадагы унаалардын саны мындан үч эсе көп. Түштүк борбордогу автотыгынды азайтуу үчүн шаар бийлиги кандай чара көрүп жатат?

Өлкөбүздүн ар бир жараны Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык бардык мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга укуктуу. Буга ылайык,  Башкы прокуратуранын негизги үч башкармалыгында атайын кайрылууларды кароо боюнча бөлүмдөр түзүлгөн. Келип түшкөн кайрылуулар жарандарды кабыл алуу жана документ жүргүзүү бөлүмү тарабынан, мыйзам талаптарына ылайык бир жумушчу күндүн ичинде катталып, андан соң тийиштүү башкармалыктарга же бөлүмдөргө кароо үчүн жиберилет.

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү  транспорттук көзөмөл өткөрмө жайларында “Электрондук транспорттук контролдоо” автоматташтырылган маалыматтык система толук кандуу иштеп жатат. Муну менен катар эле Betamont динамикалык салмак-габариттик контролдоо системасы  да Жаңы-Арык, Көк-Талаа, Каратай, Сосновка, Ак-Тилек жана Кемин көзөмөлдөө пунктарында тестик режимде иштеп жатат. Системанын артыкчылыгы ар бир пунктарда унаалардын категорияларын жана мамлекеттик номерлерин аныктап, онлайн түрүндө мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Транспорт жана жолдор министрлиги Чүй облусундагы автоунаа көзөмөл өткөрмө пунктарында, “Салмактык көзөмөлдөө динамикалык системасынын”иши менен тааныштыруу үчүн атайын пресс-тур уюштурган. Пресс-тур алгач Кемин  көзөмөл-өткөрмө жайынан башталды.

Мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдын кабыл алынгандыгына 30 жыл толду. Бул жылдар аралыгындагы өнүгүүбүз кайсы да өксүгүбүз эмне? Маселен, айрым министрликтер менен ведомстволор, мекемелер иш кагаздарынын 0.4 пайыздан 60 пайызга чейинин гана мамлекеттик тилде жүргүзүп жатышат. Иш кагаздардын дээрлик 60-90 пайызын расмий тилде даярдаган мамлекеттик мекеме-уюмдар да бар. Алар тарабынан даярдалган документтер менен иш кагаздардын сапаты төмөн, сабаттуулугу начар болуп жаткандыгын өлкө башчысы айтты. Бул жагдай — тилибизге болгон ишенимди төмөндөтүп, мамлекеттик башкаруу органдарынын беделине доо кетирүүдө.

Кыргызстан жана Өзбекстан өлкөлөрүн достук мамилеси дагы да чыңдалууда. Бул аракеттин натыйжасында Ош-Андижан багытындагы жүруучу маршруттук каттам ачылды. Эми оштон андижан шаарына баруу бир топ женилдейт дейт адистер.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө көптөгөн өлкөлөр жашыл экономикага олуттуу көңүл буруп, абдан терең изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Бир кездерде маани бербей келген табигый байлыктар келечекте баа жеткис болуп калат. Кыргызстан тоого, сууга бай өлкө болгондуктан, жашыл экономиканы өнүктүрүү абдан ыңгайлуу. Кыргызстан 2012-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүгүү боюнча өткөн жыйынында жашыл экономиканы өнүктүрүү менен экономикалык өсүшкө кадам жасарын билдирген. Арадан жети жыл өттү.

Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумуна 65 өлкөнүн делегациялары катышты. Анын ичинде 41 делегацияны спикерлер жетектеп келген. Отурумга Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев катышты. Ал дал ушул  Евразиялык интеграция  идеясынын автору болуп эсептелет. Жыйындын журушу уч сессиялык отурум менен отту. Анда экология көйгөйлөр, дүйнөлүк чакырыктарга жана коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкууланды. Иш-чарага катышкан Жогорку Кенештин торагасы Дастан Жумабеков кеӊешмеге көптөгөн парламенттердин өкүлдөрү катышып жатышы парламенттер аралык пикир алышуунун зарылдыгын туюндуруп турганын, Чоӊ Евразияны куруу идеясы дүйнөлүк коомчулуктун кызыгуусун туудуруп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, аталган иш-чаранын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Тажикстан, Молдова, Казакстан  Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин жана Сенатынын Төрайымы Дарига Назарбаева менен эки тараптуу жолугушууларды откорду. Отурумдун соңунда атайын биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Эске салсам аталган  отурум алгач Москвада,  2017-жылы Сеулда өткөн. Евразия өлкөлөрүн парламент жетекчилеринин жыйынын жыл сайын өткөрүү демилгеси аталган эки өлкөгө таандык. Былтыр Туркия мамлекети расмий Казакстанга откоруп берген. Ал эми бешинчи парламенттик отурум Индонезия мамлекетинде отот.

Евразиялык экономикалык биримдик экономикалык жактан көз карандысыз, атаандаш бирикме болуп келе жатат. Бул тууралуу «Евразия жумалыгы» эл аралык форумунда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Өкмөт башчы форумда сөз сүйлөп жатып, ЕАЭБ дүйнөлүк экономиканын негизги мүчөлөрүнүн бири болуп келе жатканын белгиледи. Жыйындын катышуучулары ЕАЭБ мейкиндигиндеги санарип экономиканы жана чарба, ишкана, товарлардын бирдиктүү маалыматтык базасын түзүү керектигин кошумчалашты.

Жыл сайын сентябрь айынын акыркы жекшебисинде кан донорлорунун күнү белгиленип келет. Буга ылайык борбор калаада “Коопсуз кан бардыгы үчүн” аталышындагы акция жүрүп жатат. Донорлордон чогултулган кан оор илдетке же кырсыкка кабылып, кан көп жоготкон адамдарга чукул жардам берүүдө колдонулат. Мындай пикирин Медициналык көчмө бригада бөлүмүнүн башчысы Назгүл Кубатбекова билдирди. Анын айтымында, акция 27-сентябрга чейин уланат. Каалоочулар Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына келип канын тапшырса болот.