Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Карылар күнү Бишкек шаарында бир катар майрамдык иш-чаралар менен белгиленди

1-октябрь Эл аралык карылар күнү. Бул дата Бириккен Улутар Уюмунун Баш катчылыгы тарабынан 1990-жылы расмий майрамдардын катарына киргизилген. Карылар күнүн белгилөө — дүйнө коомчулугунун улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алар муктаж болгон нерселерге көңүлүн бурдуруу ошондой эле аларга ар тараптан колдоо көрсөтүү максатын көздөйт.Эгемендүүлүк алгандан бери өлкөдө бул күн кызуу белгиленип, жаштар менен улуу муун, улгайган адамдарга өзгөчө урмат-сый көрсөтүп, жылуу сөздөрүн арнап, бир катар майрамдык иш-чараларды уюштуруп келет. Бүгүн да бул майрамды утурлай борбор калаада бир катар майрамдык иш-чаралар өттү.

Кыргызстанда онкологиялык ооруларды, өпкө рагын дарылоого жана диагностикага 20 миллиарддан ашык сом сарпталат. Кыргызстанда өпкө рагына чалдыккандардын саны 500дөн ашат. Бул кичинекей өлкө үчүн чоң көрсөткүч. Мына ушул онкологиялык ооруларды алдын алуу, анын менен натыйжалуу күрөшүү жана бейтаптардлын түйшүгүн аз да болсо жеңилдетүү максатында онкология борборунда комплекстүү медициналык маалыматтык система ишке кирди.

Саясий жаңылыктардын өзөгү бүгүн Армениянын борбор шаарында болуп жатат. Буга ылайык, аталган шаарда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму болуп өттү. Жыйынтыгы боюнча ондогон маанилүү документтерге кол коюлду. Анын ичинде ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүү жөнүндө дагы документ бар. Кеңейтилген форматтагы жолугушууга Евразия экономикалык бирлигине байкоочу-мамлекет катары катышып жаткан Молдова Республикасынын атынан Молдованын Президент Игорь Додон катышты. Ал эми Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Рухан жана Сингапур Республикасынын Премьер-министри Ли Сянь Лун ардактуу конок катары Жогорку Кеңештин ишине катышышты. Айта кетсек, ЕАЭБ өлкөлөрү жана Сингапур менен эркин соода тууралуу документтердин топтомуна кол коюшту.

Чек-арага жакын жайгашкан айылдардын абалын жакшыртуу максатында өкмөт тарабынан бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүүлө баштады. Анын алкагында Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Орто-Боз жана Үч-Дөбө айылдарында типтүү мектептердин курулуш иштери башталды.Капсула салуу аземине Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Алманбет Салиев жана Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров катышты.

Кыргызстан реформатор — өлкөлөр Doing Business-2020 рейтингине кирди. Дүйнөлүк банктын жарыялаган докладдынын негизинде, биздин өлкө электр тармактарына кошулуу, салык жана насыя алуу жаатында көрсөткүчтөрүн кыйла жакшырта алды. Эл аралык изилдөө он критерий боюнча ар бир өлкөнүн мамлекеттик органдарында жана ишкерлер арасында бир нече тармакта ар жыл сайын өткөрүлөт.