Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Аба чубалгылары кыш мезгилине карата оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Электр чубалгылары кыш мезгилине карата оңдоп-түзөөдөн өтүлүүдө. Буга ылайык, бүгүн “Северэлектро” ААК Аламүдүн районундагы “Орто-Алыш-Стрельникова” 35кВ аба чубалгылары реконструкциядан өткөрүлдү. Аталган жайдын аба чубалгысынын жалпы узундугу 10 чакырым, бүгүн анын 9 чакырымы алмаштырылды. Зымдарды алмаштыруудан сырткары энергетиктер фарфор изоляторду айнек изоляторго алмаштырышты. Мындай чара айнек изолятору чыңалууну алдында сыноо жүргүзүүнү талап кылбагандыгына байланыштуу, чыңалып турган айнекке күч келет. Жыйынтыгында изоляцияланган тарелканын бузулат. Аны аба электр чубалгысын текшерүүдө оңой эле табууга мүмкүн.

Ош облустук казыятынын жаңы имаратынын курулушу бүтүп,бүгүн пайдаланууга берилди. Ачылуу аземине диний ишмерлер,жергиликтүү бийлик өкүлдөр жана жогорку кеңеш депутаттары катышты. Алар өз сөзүндө облуста дин тармагында алгылыктуу жумуштар алып барылып жатканын белгилешти. Мындан сырткары Ош облусунун тургундары үчүн борбордук мечитинин да курулушу бүтүп,тапшырылды. Буга чейин аталган казыяттын өздүк имараты жок болгон.

Мугалимдик кесип – бул өзүнө талант, чыгармачылык жана эргүүнү камтыган өзгөчө искусство. Бул тууралуу бүгүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн саламаттыкты сактоо жана билим берүүнү өнүктүрүү мамлекеттин башкы артыкчылыгы болуп саналат. Аталган иш-чара мугалимдердин кесиптик күнүнө карата уюштурулуп, ага президенттик аппарат өкүлдөрү, Өкмөт мүчөлөрү жана республика аймагынан келген мугалимдер, коомдук ишмерлер катышышты.

ЕАЭБдин ичинде айыл чарба азыктарын сатууну төрт эсеге, үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого бир жарым эсе көтөрүү божомолун эксперттер келерки жылга белгилөөдө. Өлкөдөгү эт, сүт азыктарын жана жашылча жемиштерди биримдикке мүчө мамлекеттерге экспорттоо бир жарым миллион тоннадан ашты. Мындан улам Кыргызстандын үчүнчү өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору. Бирок дүйнөлүк рынокто атаандаштык күч алып турганда, учурда ар бир өлкө мындай мүмкүнчүлүккө жетүү аракетинде. Бирок адистер биримдиктин алкагында туруктуу өнүгүү жолунда уюмдун биргелешкен бренддин түзүү зарылдыгын белгилешет.

Ички иштер министрлигинин генерал-майор Эргеш Алиев атындагы Академиянын негизделишине туура 50 жыл толду. Мааракени утурлай бүгүн аталган окуу жайда “ Академиянын тарыхы, бүгүнкү күнү жана келечеги” аталышта илимий-практикалык конференция өттү.Иш-чаранын жүрүшүндө академиянын башчысы, Адылбек Бийбосунов окуу жайдын жалпы жамаатын 50 жылдык маараке менен куттуктап, бүгүнкү күндө кыргыз милициясынын көп тармактан реформаланып жатканын баса белгиледи. Академия уюшулгандан баштап бир топ жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн укук коргоочу багытындагы жогорку окуу жайлар менен байланыш түзүүгө жетишти. Эки тараптуу келишимдердин негизинде бүгүн ондогон Кыргызстандык курсанттар Россиянын ички иштер органдарынын билим берүү мекемелеринде окуусун улантып жатат.