Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Күзгү жайма жарманкеге Нарындан быйыл эт келет

Дем алыш күндөрү борбор калаада эл аралык “Күз деми-2019” аталышындагы жөө күлүктөрдүн марафону болуп өттү. Ага 3 000ден ашуун жөө улүк катышып, спорттук марафон «жүгүрүүчү жүрөктөр «урааны менен быйыл 4-жолу өттү. Бул жылы иш-чара кайрымдуулук мүнөзүндө өтүп, анда ар бир катышуучунун төлөмүнөн 100 сом жүрөгү оорулуу балдарды дарылоого жумшалат. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча марафондо 20дан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышты.

Ош шаарында фото сүрөтчүлөрдүн 16-жолугушуусу болуп өттү. Аталган салтанат “Ош Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” иш-чарасынын алкагында өткөрүлдү. Мында 12 фото сүрөтчү бир апта бою оштун тарыхын,салтын чагылдырып тарткан сүрөттөрүн көргөзмөгө коюшту.

Азербайджан Кавказдагы Кыргызстандын маанилүү өнөктөшүнүн бири болуп эсептелет. Бүгүн, Ала-Арча мамлекеттик резиденциядан Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Азербайжан жана Кыргызстан ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөт аралык комиссиясынын жыйынына катышуу үчүн келген Азербайжан делегациясын жылуу кабыл алды. Жыйындын жүрүшү эки тараптык кызматташтыктын багыттары тууралуу сүйлөшүүлөр менен уланып, соңунда тиешелүү документтерге кол коюлду.

Өткөн жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде авария болуп, кыштын кычыраган чилдесинде жылуулуксуз калганы шаардыктардын күнү бүгүнкүдөй эсинде. Андан бери эки жылга жакындап калды. Аварияга күнөөлүүлөр, ЖЭБди оңдоп түзөөдөн акча уурдагандар аныкталып, айыптары угузулуп, иштери соттун кароосунда. Бишкек шаардык сотунун Свердлов райондук соту ишти карап жатат.