Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Пробация бөлүмдөрүнүн кеңселери толук капиталдык ремонттон кийин ишке кирди

Ленин жана Биринчи май райондорунун пробация бөлүмдөрүнүн кеңселери толук каиталдык ремонттон кийин ишке кирди. Жаңыланган кеңсени ачылыш аземине президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн өкүлдөрү, Өкмөт мүчөлөрү жана Пробация департаментинин кызматкерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, пенитенциардык тутумдун маселелери боюнча эксперттер катышты. Ал эми, үстүбүздөгү жылдын башында ишке кирген институттун оңдоп-түзөө иштерин жана андагы керектүү техникалык каражаттар эл аралык донорлордун жардамынын негизинде ишке ашкан.

«Жаңы жылды ишкерлер үчүн жаңы шарттарды түзүп берүү менен тосуп алууга тийишпиз», — деп билдирди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында. Отурумдун жүрүшүндө биринчи бизнес-омбудсмен өлкөнүн бизнес сектору менен өзүнүн кызматташуу пландары тууралуу айтып берди. Тактап айтканда, бүгүн Өкмөт башчы ишкерлер жана Кыргызстандагы бизнес тармагын жакшыртуу үстүндө иштеп жаткан бардык тармактардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Өлкө аймагында 2019-жылы банкоматтардын саны былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,2% өстү. Бул тууралуу жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтуусунда, президенттин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгынын талаптарын аткаруунун алкагында өлкөнүн региондорунда финансы кызмат көрсөтүүлөрүн санариптештирүү жана банк жабдууларын орнотуу боюнча иштер уланууда. Маалыматка ылайык, өлкөнүн алыскы райондорунда жайгашкан конуштарды накталай акча менен камсыз кылуу максатында көчмө кассаларды уюштуруу долбоору ишке киргизилген.

Кыргызстан тышкы саясатын бекемдеп, башка мамлекеттер менен кызматташууну арттырууга кызыкдар. Анткени, кайсы гана өлкө болбосун чет мамлекеттер менен мамиле түптөмөйүн экономикасынын алга жылышы татаал. Бул багытта Президент Сооронбай Жээнбеков алыскы жана жакынкы республикаларга иш сапар жасап, ар тараптуу документтер макулдашылганы ырас. Муну менен дипломатиялык ымаланын жаңы барактары ачылып, стратегиялык мамиле чыңдалууда. Ал эми, Бишкекте өткөн ШКУ Саммити өлкөнүн саясий жашоосундагы ири окуя болуп калды.