Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Борбор калаада өткөн митингдин аркасында кимдер турат?

1-декабрга чейин борбор калаада митинг өткөрүүгө тыюу салынгандыгына карабай, борбордук “Ала-Тоо” аянтында “РЕакция” аталышындагы тынчтык митинги өттү. Маалыматка ылайык, ага 400дөй жаран катышты. Серепчилердин баамында, бул сыяктуу акциялар бийлик менен элдин диалогу жана бул демократиялык өлкөдө нормалдуу көрүнүш. Ал эми социалдык түйүндөрдө тастыкталбаган маалыматтарга ишенбегиле деген чакырыктар айтылса, буга чейинки революцияларга катышып, жаракат алган “Айкөл Таза Коом” сыңдуу бирикмелердин өкүлдөрү бул митингдин аркасында кандайдыр бир күч турат дешет. Ал элди бөлүп-жарууга, өлкөдө стабилдүүлүктү жоготуу сындуу максаттарды көздөйт деп, провокацияга алдырбоого чакырышат.

Борбор калаанын мэриясы Жаңы жылга карата эң мыкты жасалгаланган район, көчө боюнча сынак жарыялады. Байге фонду 1 миллион сом. Мындай маалыматты Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов “Сүйүктүү Бишкек” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырып жатып билдирди. Аталган сынак үч номинацияда, “Мыкты короо”, “Мыкты малаа” жана “Мыкты башкаруучу” номинацияда менен өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр атайын комиссиянын чечими менен аныкталып акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Тарыхта биринчи жолу бюджеттен бизнести колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү аркылуу аймактарды өнүктүрүүгө каражат бөлүндү. Аймактардан жалпы 94 бизнес-долбоор түшкөн. Алардын ичинен комиссия 538 млн. сом суммасына 30 долбоорду жактырган. Алар ишке ашырылса 1,5 миң жумуш оруну түзүлөт.
Быйыл республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу таза суу тармагына 350 млн сом каралып, тизмеге 117 айылды таза суу менен камсыздай турган 73 объекттин курулушу пландаштырылган. Анын ичинен 6-объекттин курулуш иштери былтыр бүткөн. Алардын катарында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Сүймөнкул Чокморов айылы да бар.
Каржы мекемелердин 73% каражаттарын региондорду каржылоого жумшайт. Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата бир катар ири долбоорлор жүзөгө ашырылууда. Алар жер-жерлерде калкты иш менен камсыз кылуу жана ички миграцияга жол бербөө максаттарын көздөйт. Дал ушул максатта өлкөнүн мамлекеттик финансылык мекемелери жана ири финансылык өнөктөштөрү каражатты региондорду өнүктүрүүгө жумшап келет.
Таза суу жана ирригация долбоорлору боюнча Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы жана башка донордук уюмдар аркылуу ишке ашырылууда. Алардын жардамы менен жыл аягына чейин 100 айылга таза суу жеткирилсе, 2024-жылга чейин өлкө аймагындагы бардык айылдар таза суу менен камсыз болот.

Жыл сонуна чейин, патрулдук милиция Бишкек шаарынын баардык райондорунда ишке кирет. Жаны тузулгон кызмат учурда Биринчи Май жана Свердлов райондорунда коомдук тартипке жана Жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл жургузушуудо. Бул кызматка мурда соттолбогон, айдоочулук, аскердик күбөлүгү бар ишинде кемчилик кетирбеген таза адис иштеши керек деген талап коюлган. Кызматкерлер окуу жана түшүнүү тестин тапшырып, саламаттыгы текшерилип жана аңгемелешүүнүн негизинде алынган.
Бүгүн Ички иштер министрлигинин генерал-майору Эргеш Алиев атындагы академиясында залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата чыгармачылык кече өттү. Маданий иш-чара алгач академиянын алма багына “ Айтматовго таазим, “Кызыл-алма” багы деген такта орнотуу менен башталды. Иш-чарага ИИМдин өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Айтматовдун замандаштары, акын- жазуучулар, жана академиянын курсанттары катышты.
Кыргызстандын экспорту 1356,5 миллион долларды түзүп, 11,7%га өстү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров билдирди. Ошондой эле 2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоонун алкагында өкмөт мамлекеттик бюджеттен аймактардагы бизнести колдоо максатында 2 млрд сом бөлгөн.