Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Көз доктурдан пайдалуу кеңештер

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында өлкөдө бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Маселен, жалпы республика боюнча дээрлик 350 километр жол асфальтталып, ири стратегиялык трассалардын курулушу, оңдоо иштери жыйынтыкталууда. Быйыл жүздөн ашык айыл-кыштак ичүүчү таза суу менен камсыз болуп, төрт жарым миңдей үй-бүлө “жеткиликтүү турак жай” программасы аркылуу ак өргөлүү болушту. Ошондой эле ишкерлерти өнүктүрүү үчүн дагы жакшы шарттар ишке ашырылды. Мындан сырткары, узап бара жаткан 2019-жыл Кыргызстандын тышкы саясаты үчүн ири окуяларга дагы бай болду.

Мамлекеттик сыйлыктардын арасынан “Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наамга жалгыз Ильвира Жогина татыды. Азыркы тапта Бишкек шаарынын “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин директорунун орун басары кызматын аркалаган айым, буга чейин бир канча мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Убагында сууда сүзүү, кайык жана каноэ менен сүзүү жана парус спорту боюнча 30дан ашык спорт чеберлерин, 2 эл аралык класстагы спорт чеберин чыгарган. 1992-жылы анын катышуусунда ат спорту боюнча федерация түзүлүп, ал эл аралык жана Азия федерациялары тарабынан таанылган.

Жакында эле айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилген эле. Анда Президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамына кол койгон. Соттордун инфратүзүмү 2020-жылдын 1-январына сот арачылардын катышуусунда иштерди кароого объективдүү даяр болбой турганын эске алып, бул мыйзамдын күчүнө кирүүсү 2025-жылдын 1-январына которулган.

2020- жылы Кыргызстанда мобилдик интернеттин бешинчи муунун ишке киргизүү пландалууда. Ал тууралуу маселе Радио жыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиянын отурумунда көтөрүлдү. Жыйында 5G тармагын, ошондой эле IoT технологиялары үчүн радио жыштыктарды тестирлөө жана ишке киргизүү жагдайлары талкууланды.

Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрында шаар тургундарына жана конокторго жаңы жылдык балаты камдалып, анда орус композитору Петр Чайковскийдин «Щелкунчик» балети коюлду. Жаңы жылдык балетти даярдоого театр артисттери тартылып, ар бири өз каарманын ийине жеткире мыкты аткарышты. Дүйнөлүк классиканын шедеври болгон “Щелкунчикке” келген коноктор арбын.

Жаңы жыл алдында Куралдуу күчтөрдүн жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтары тапшырылды. Аларды жаңы конушу менен Президент Сооронбай Жээнбеков куттуктады. Мамлекет башчысынын катышуусу менен Бишкек шаарынын 12-кичи районунда аскер кызматкерлери жана Аламүдүн районунун Молдовановка айылында Жаза аткаруу кызматкерлери үчүн турак жайлардын ачылыш аземи өттү. Президент аскер кызматчыларын кубанычтуу окуя менен куттуктап, аскер кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртууга мындан ары да өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи.

Кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Анын расмий ачылышы Кемин тараптагы “Ак-Түз” тоо лыжа базасында өтүп, ага Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, калаа тургундары, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Ачылыш иш-чарасына келгендер үчүн баалуу белектер ойнотулуп, оюндар, сынактар өткөрүлдү.