Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жаңылыктар: саат 20:00до //жума //10.01.2020

Февралдан тарта баланы мектепке кабыл алуу боюнча электрондук каттоо өлкөнүн беш шаарында иштей баштайт. Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, эми бул кызматты Ош, Жалал-Абад, Токмок жана Кара-Балта шаарларынын тургундары пайдалана алат. Былтыр мектепке электрондук каттоо Бишкек шаарында киргизилген болчу.

Ар бир баланын жетишкендиги — ата менен эненин бири-бирине кылган мамилесинен көз каранды. 9 баланын бактылуу атасы Съездбек Таштакеев дал ушундай ойдо. 15 жылдык өмүрүн мамлекеттик кызматка арнаган каарман балдарга өзүн толук арноону чечип, учурда 4 кыз 5 уулду тарбиялап гана эмес, шахмат боюнча дүйнө чемпиондорду өстүрүп жаткан чагы.

Таласта жаракат алган абалда табылган ак илбирс Бишкекке алып келинди. Ага тиешелүү ветеринардык кароолор уюштурулуп, рентгенге тартылды. Рентгендин жыйынтыгы боюнча ак илбирстин башында октун калдыктары бар экендиги белгилүү болгон. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин маалыматы боюнча ак илбирстин абалы начар. Жакынкы убакта анын баш сөөгүндөгү октун калдыктары операция жолу менен алынат.

Кыргызстанга келүүчү туристер жана чет өлкөнүн жарандыгын алган кыргыздар үчүн жеңилдетилген визалар 15-январдан тарта бериле баштайт. 2019-жылдын соңунда өкмөт тарабынан визаларды тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө атайын токтом кабыл алынган. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Парламент депутаттары өлкө аймагындагы шайлоочулар менен иш алып барууда. Вице-спикер Аида Касымалиева баштаган эл өкүлдөрү, Ош облусунун алыскы айылдарынын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүп жүрөт. 2* Алгач Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын Кызыл-Сеңир, Кремль, Кочкор-Ата жана Беш-Абышка айылдарынын тургундары менен жолугушуп, бийлик бутактары тарабынан аткарылып жаткан иштер туурасында маалымат беришти. Элет эли, чечилбей келе жаткан көйгөйлөрүн айтып, кызыктырган суроолорун узатышты.
2020-жылда республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмүн 163 млрд 710 млн сомго жеткирүү пландалууда. Былтыр болжолдуу маалыматтар боюнча бюджеттин киреше бөлүгү 147 млрд 500 млн сомго аткарылган. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 12 млрд сомго көп.
Кепилдик фонду 2019-жылдын сонунда “Кыргызстанда интенсивдүү кой чарбачылыгын өнүктүрүү” долбоорун иштеп чыккан. Анын максаты эт багытындагы койлорду байлап кармоо менен алардын санын көбөйтүү. Улуттук статистика комитетинин берген маалыматына ылайык, өлкөдө майда малдын саны 6 млн 200 миңге жетет. Мындан улам фонд фермерлерге кепилдик берүү менен 2023-жылга чейин бул көрсөткүчтү 7 жарым миллионго жеткирүүнү пландап жатат. Аталган фонддон алгачкылардан болуп койлорду байлап багуу методу боюнча адистешкен фермер Аралбек Абдырасулов кепилдик алды.
Ар бир баланын аркасында бекем үй-бүлө, күчтүү коом турушу зарыл. Буга ылайык, Президент Сооронбай Жээнбеков быйылкы жылды Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялап, Жарлыкка кол койду. Эми жыл бою өзгөчө көңүл балдарды колдоого багытталып, санариптик трансформациялоо, аймактарды өнүктүрүү дагы улантылат. Ал эми бүгүн бул Жарлыктын алкагында аткарыла турчу иштер, анын мааниси, мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары тууралуу Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева маалымат жыйында айтып берди.