Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Араван районунда жазгы талаа иштери башталды

Өлкөдө алгачкылардан болуп Араван районунда жазгы талаа иштери башталды. Азыркы тапта дыйкандар чамгыр менен картөшкөлөрдү айдап жаткан учуру. Эми апрель-май айларында алгачкы түшүмдөр өлкө базарларына чыга баштайт. Быйыл Араван районунда 1700 гектар жерге картөшкө, 10 гектардан ашуун жерге чамгыр отургузуу пландалган.

Эл арасында «Ырыскы» деген тамашалуу каймана атка конгон РСК Банк өлкө аймагындагы филиалдары боюнча Кыргызстанда биринчи орунда турат. Бир тарабы Оштун Чоң-Алайында болсо, бир тарабы Ысык-Көлдүн бийик тоолуу Ак-Шыйрагына чейин калктын калың катмарына кызмат көрсөтүп келет. Акыркы учурларда республикада жүрүп жаткан жараяндарга ылайыктуу түрдүү продукцияларды чыгарып замандын талабынан калбай келет.

4-февраль бүткүл дүйнөлүк рак илдетине каршы күрөшүү күнү. Бул дата Эл аралык ракка каршы күрөшүү биримдиги тарабынан 2005-жылдан тарта белгиленип келет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 25 миңден ашуун адам бул оору менен жабыркап, каттоодо турат. Анын 18 миңге жакыны аялдар болсо, 400дөн ашууну балдар. Илдетке чалдыккандардын 60 пайызы дарыгерге оорусу өтүшүп кеткен учурда гана кайрылгандар. Жарандар канчалык эрте кайрылса, убагында ооруну дарылап, 100 пайыз илдеттен кутулууга болорун адистер айтып келишет.

2019-жылдын январь-декабрь айларында 104 млрд сом суммасына мал чарба продукциясы өндүрүлгөн. Ал 2018-жылга салыштырмалуу 2,5%га жогору дегенди билдирет. Буга ылайык, өлкө аймагындагы ишканалар республиканын жер-жерлеринен уй, жылкылардын эттерин алып, ата-мекендик продукцияны даярдап, кошуна өлкөлөргө экспорттоодо. Кыргызстандын азыркы учурда мал чарбачылыгы боюнча чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок аны туура пайдалануу жана андан кирeше табуу үчүн мал чарбачылыктын стандартын жогорулатуу керек.

Кыргызстанда экологиялык маселелерди чечүүгө кызыкдар болгон тараптардын башын бириктирген атайын аянтча пайда болду. Бүгүн жаңы түзүлгөн “Экологиялык чечимдер институту” аттуу коомдук фонддун таанытуу иш-чарасы өттү. Эми бардык экологиялык маалыматтар фонд тарабынан көзөмөлдөнүп, иштелип чыгып атайын базада сакталат. Ал маалыматтар бардыгына жеткиликтүү болот. Башкача айтканда экологиялык абалды көзөмөлгө алган бүткүл өлкөнү камтыган желе түзүлөт.

Бүгүнкү күнгө дейре Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 862 электрондук аукцион өткөрдү. Бул өз кезегинде жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү менен соода аянтчасынын ачык-айкын болушуна шарт түзүүдө. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Жылдызбек Исакуловдун айтымында, архивдеги иштерди кайрадан инвентаризациялап, электрондук түргө өткөрүү каралууда.

Бүгүнкү күнгө карата коронавирустун жаңы тибине чалдыгып каза болгондордун саны 362ге жетти. Ал эми илдет аныкталып, ооруканага жаткырылган 506 бейтап сакайып үйүнө чыгарылды. Учурда Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту эл аралык масштабдагы өзгөчө кырдаал катары тааныды. Ал ортодо кыргызстандык студенттер жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, коронавируска каршы күрөшүүдө тилектештигин билдирген акция уюштурушту.

Азыр таза абадан дем алып, жаралыш койнунда эс алуучуларды тоо-лыжа базаларынан табууга болот. Каалоочулар үчүн “Орловка” тоо-лыжа курортунун эшиги күндүз гана эмес, түнү дагы ачык. Тоо койнунда лыжа жана сноуборд тээп же жөн гана эс алуу үчүн келгендерге ар кыл баадагы мейманканалар бар.