Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

№28 мектеп-лицейинде Кыргызстанда жок лаборатория кабинети пайда болду

Бишкек шаарындагы №28 мектеп-лицейинде Кыргызстанда жок лаборатория кабинети пайда болду. Мында окуучулар өсүмдүктүн түрлөрүн жабык бөлмөдө идиштеги сууга өстүрүүнүн ыкмаларын үйрөнүшөт. Лабораториялык кабинет окуучулардын таанып-билүү ишмердүүлүгүн стимулдаштырып, иш жүзүндө бекемдөөгө жардам берет.

2019-жылы Ош облусунда кичи жана орто бизнес тарабынан өндүрүлгөн өнөр жай продукциялары өткөн жылга салыштырмалуу 87 миллион сомго көп чыгарылган. Ал эми былтыр 61 өнөр жай ишканасы ишке киргизилип, 614 жумушчу орун түзүлгөн. Ошондой эле калкты таза-суу менен камсыз кылууда 350 айылга таза-суу жеткирилип, дагы 145 айылды ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүрүүдө. Бул маалыматтар Ош облусу боюнча 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиянын кеңешмесинде айтылды.

Ат-Башы районунун тургундары “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын иши менен таанышты. Анткени, райондо курула турган индустриалдык-соода-логистикалык борбор дал ушул эркин экономикалык аймак сындуу иш алып барат. Азыр “Бишкек” СЭЗде үч миңден ашык киши иштейт. Өлкө казынасына жылына 750 млн сомдон ашык акча түшүп турат. Экономисттердин айтымында, Ат-Башыда курула турган логистикалык борбор мына ушул “Бишкек” эркин экономикалык аймагы сындуу ири салык төлөөчү, жумуш орундар менен камсыз кылуучу чоң кубаттуу субъект болот.

Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январынан тарта жаңы кылмыш-жазык кодекси ишке кирип, аны менен катар пробация боюнча жаңы мыйзам иштеп баштаган. Пробация — бул оңолууга мүмкүнчүлүк! Ошондой эле соттолгон адамдарга жабык жайлардан чыккан соң кайрадан коомго аралашып кетүүгө жардам берүү. Мында пробация органынын кызматкерлери соттолгон жарандын кайрадан эски жолуна түшүп кетүүсүнө жол бербөө жаатында иш алып барышат. Учурда мекеменин иши кандай жүрүп жатат?

Бүгүн Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүндө өткөн коллегияда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ат-Башыда курула турган индустриалдык-соода-логистикалык борбордун айланасындагы кырдаалга дагы токтолду. Өкмөт башчысы бул долбоор Кыргызстандын жана элдин кызыкчылыгы үчүн гана иштерин билдирди.

Реагенттерди колдонуу менен жүргүзүлгөн анализдердин жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда коронавирустун жаңы тиби аныкталган жок. Ал текшерүүчү реагенттердин 500 даанасы Россиядан жардам иретинде келген. Жакын арада мындай тест-системаларды Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да жиберери күтүлүүдө. Ал эми өлкөгө Кытайдан жана үчүнчү мамлекеттерден келген жарандарды дарыгерлер тиешелүү медициналык көзөмөлдөн өткөрүп жатат.

Активисттер Жерүй кенинде мамлекеттин үлүшү жок экендигине нааразы. Кече Таласта “Кыргызстандагы тоо-кен өнөр-жай тармактарындагы көйгөйлөр” деген аталышта жыйын өттү. Ага жергиликтүү тургундар, бийлик өкүлдөрү жана Жерүй алтын кенин иштетүү укугун алган “Алтын-Альянс” компаниясынын жетекчилиги катышты. 500дөн ашык киши катышкан жыйын соңунда 2015-жылы Жерүй алтын кени боюнча өткөн сынактын мыйзамдуулугун жана адилеттүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүү сунушталды.