Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Иран коронавирус жуктуруп алгандардын саны боюнча Кытайдан ашып өттү

Россиялык аскер дарыгерлери жана медайымдары Бергамодогу айыгып кеткен бейтаптардан коронавируска каршы күрөшкөндүгү үчүн ыраазычылык белегин алышты. Екатеринбург шаарындагы жаш түйгөйлөрдүн сезимине коронавирус тоскоол боло албайт. Элдин саламаттыгы үчүн дем алышсыз иштеп жаткан фельдшерлер баш кошууга ниеттенишүүдө. Ал эми италиялык 100 жаштагы аял көп убакыт дарылануудан кийин коронавирус илдетин жеңип чыкты.

Өкмөт жергиликтүү бийликтер менен бирге абал жакшыра баштаган аймактарда талаптарды жеңилдетет. Бул мурункудай жайдары, каалаган убакта, каалаган жерде жүрсө болот деген түшүнүк эмес. Ал ишкер чөйрөсүнө шарт түзүү менен жарандарга жумушка чыгууга мүмкүнчүлүк берүү. Бул тууралуу пикир президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан дагы айтылган. Буга ылайык, учурда өлкөдө өзгөчө абалдын экономикага тийгизген таасири, анын кесепетин азайтуу жолдору талкууланып жатат.

Эртең орозонун алгачкы күнү! Мындан улам, өзгөчө абал киргизилген аймактардын коменданттары жамаат менен ооз ачып жана мечитке чогулбастан, үйдө үй-бүлө менен биргеликте ооз ачып, кайрымдуулук иштерин жасоого чакырышууда. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу, массалык түрдө чогулууларга тыюу салынган. Мындан улам, мындай чектөөлөрдү туура кабыл алып, карантиндик-санитардык нормаларды сактоо зарыл!

Коронавируска чалдыккан бейтаптардын дээрлик жарымы илдеттен айыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Бул оң динамика бүгүн эле эмес, жума башынан баштап келе жатканын айткан министрликтин өкүлү, аралыкты сактоо, эрежеге баш ийүү менен аз күндө илдеттен толук арылабыз деп ишенет. Себеби, учурда чет жерден келген дарыгерлер көмөк көрсөтүшүп, жеке менчик лабораториялар анализ изилдөө жүргүзүшүп, инфекция менен күрөшүүгө чоң жардам болууда.

Тармактык мамлекеттик органдар чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды өлкөгө алып кетүү үчүн каттамдарды уюштуруу маселесинин үстүндө иштеп жатат. Бул маалыматты биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Ал эми жергиликтүү бийлик органдарына чет өлкөдөн келген кыргызстандыктардын жашоо шарттарын көрүп, зарылдыкка жараша алар үчүн обсервациялык орундарды даярдоо тапшырмасы берилди.

Ошентип, эртең, 24-апрелде ыйык орозо башталат. Эскерте кетсек, жаңы айдын башталуусу тууралуу чечимди Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 17-апрелде, Орто Азия мусулмандары үчүн эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбаларын пайдалануу менен, Өзбекстан жана Казакстандын дин башкармалыктары менен кеңешип кабыл алган. Белгилей кетүү керек, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу бул жылы орозо кармоодо бир катар чектөөлөр болот. Кандай чектөөлөр?

Коронавирустан улам дүйнө мамлекеттеринде түзүлгөн кырдаалга көз чаптыра турган болсок, Джонс Хопкинс Университетинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө жалпы 2 млн 585 миӊ 468 адам коронавируска чалдыккан. Вирустан 696 миңден ашык киши сакайса, илдеттен 180 миңге чукул адам көз жумду. Ковид-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны жагынан Америка Кошмо Штаттары, Испания, Италия, Франция жана Германия алдыңкы сапта. Ондукка кирген өлкөлөрдүн катарында кыргызстандык жарандар миңдеп жүргөн Россия жана Түркия мамлекеттери да бар. Коңшу Казакстанда акыркы маалыматтар боюнча ооруга чалдыккандардын саны 2047 ге жетсе, Өзбекстанда болсо ооруну жугузгандар жалпы жонунан 1700гө чукулдады.

Өлкө аймагында карантиндин узартылышы Кыргызстандыктарды анчейин деле кубандырган жок. Бирок мындай кырдаалдын жакшы жактары дагы бар. Маселен, ар бир жаран бул убакытта өзүнүн сүйүктүү иши менен алек болуп, жакындарына көңүл бура алат. Ош шаарынын тургуну Жаныбек Абдиллаев карантиндин эрежелерин сактоо менен бирге багбанчылыкты үйрөнүп жаткан учуру. Ал эми неберелери сабактарын онлайн өтүп, үйдөн билим алып жатышат.

Күнүнө орточо эсеп менен жардамга муктаж 150 үй-бүлө азык-түлүк менен камсыз болууда. Коронавирус кырдаалында түзүлгөн «Жардам штабы» кайрылган бир да жаранды көңүл сыртында калтырбай, мындай оор күндөрдө кайрымдуулук иретинде келип түшкөн жардамдарды чыныгы муктаждарга таратуу аракетинде.

Нукура талант, кыргыз элинин сыймыгы, улуттук өнөрдүн көрүнүктүү залкарларынын бири, КРдин эл артисти Элмирбек Иманалиев акыркы сапарга узатылды. Кылымда бир жаралчу кыргыз уулу менен коштошуу зыйнаты Бишкектин Тунгуч кичи районундагы өз үйүндө өтүп, ага президенттин кеңешчиси Султан Раев баштаган жетекчилер катышты. Белгилей кетсек, төкмө акын 20-апрель түнү ооруканадан каза болгон. Ал кант диабети менен жабыркап жүргөн. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. 42 жаштагы акындын артында үч уул, үч кызы жана эки небереси калды. Анын мыкты чыгармалары, мукамдуу ырлары, жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк жашайт…

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус айрыкча олуттуу делген дарттар, анын ичинен курак учук менен ооругандар үчүн коркунуч туудурарын маалымдайт. Ошол себептен Улуттук фтизиатрия борбору иш багытын өзгөртүп жатып, биринчи кезекте өзүнүн бейтаптарына кам көрүүдө.

Күндөн-күнгө COVID-19 вирусунан айыккандардын саны көбөйүп, илдетке чалдыккандардын саны азаюуда. Алсак, акыркы сутка ичинде 38 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Муну менен бүгүнкү күнгө чейин жалпы 254 жаран коронавирусту жеңе алды.

Улуу өнөрдүн жарык жылдызы өчтү. Кылымда бир жаралчу кыргыз уулу Элмирбек Иманалиев чыгармачылыгынын гүлдөп турган мезгилинде дүйнө салды. Анын артында мыкты чыгармалар, мукамдуу ырлар калды. Аны бир гана кыргыз журтчулугу эмес, бүтүндөй боордош элдер да жоктоп турат…

Учурда мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында ун менен буудайдын кору жетиштүү. Күн мурун Россиядан келишимдик негизде сатып алынган миң тоннадан ашык буудай өлкөгө жеткирилди. Эми ушул аптанын ичинде дагы 36 вагонго жүктөлгөн буудай темир жол аркылуу Кыргызстанга келет.

Коронавируска байланыштуу ишсиз калган чет өлкөдөгү кыргызстандык мигранттарга жардам берүү үчүн акча бөлүндү. Мындай маалыматты биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Отурумда өлкө ичиндеги калктын аярлуу катмарына көмөк көрсөтүү үчүн дагы каражат каралганы айтылды.

Быйыл Улуу Жеңишке 75 жыл. Ошол кандуу согушка Кыргызстандан 360 миңдей жоокер аттанган. Согуш талаасында 160 миңге чукул эр азаматтар окко учуп, алардын 90 миңден ашууну эрдик көрсөтүшүп, баатырларча курман болгон. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 262 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери бар. Алардын катарын Садыр Мамбеткожоев толуктайт. Ал быйыл 95 жашта.

Москва зоопаркында жашаган панда коронавирустан улам өзүн-өзү изоляциялоо режимин сактап, торчодо жалгыз калды. Ал эми Мексиканын борборунда жайгашкан археологиялык жай бир айдан ашык убакыттан бери жабык турат.