Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Түркиядан келген 211 жаран үй карантинине чыгарылды

Бүгүнкү күнгө чейин 216 бейтап коронавирусан айыкты. Алардын арасында 13 медицина кызматкери дагы бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирип, илдеттен арылган дарыгерлер кайрадан ишке киришкенин кошумчалады. Учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тыкыр көзөмөлдө.

Кыргызстанда 4 миң 598 медицина кызматкерине 28 млн сом суммасында кошумча төлөмдөр берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди. Брифинг учурунда Исмаилова медицина кызматкерлеринин эмгек акылары, кошумча төлөмдөр жана аларды коргоо боюнча маселелер каралып жатканын айтып, негизги эмгек акылары толук берилерин белгиледи.

Өлкөдөгү кырдаалга карабай Ош облусунда жазгы талаа жумуштары кызуу жүрүүдө. Ал эми Араван жана Ноокат районунда жашылча, жер-жемиштер бышып, базарларга сатыкка чыкты. Ошондой эле дыйкандар 42 миң 677 тонна минералдык жер семирткичтер менен камсыздалды. Ал эми айыл чарба техникаларынын 91% талаа иштерине даяр.

Коронавирустан улам дүйнө мамлекеттеринде түзүлгөн кырдаалга абай сала турган болсок, COVID-19 вирусу 2 миллион 420 миңден ашык адамдан катталды. Онлайн картада көрсөтүлгөндөй, коронавирустан 635 миңден ашык киши сакайса, илдеттен 166 миң адам көз жумду. COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны жагынан Америка Кошмо Штаттары, Испания, Италия, Франция жана Германия алдыңкы сапта. Ал эми Кыргызстандык мекендештер миңдеп, миллиондоп жүргөн Россияда коронавирус жуктургандардын саны тез эле өсүп кетти. Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус 47 121 адамдан табылды. Дүйнө жүзү боюнча вирус көп катталып жаткан мамлекеттердин арасында Россия 10-орунда турат.
Ал эми коңшу Өзбекстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 1582ге жетти. Ошентсе да адистердин пикиринде, илдет менен кошуна өлкө колунан келишинче күрөшүп жатат. Бул мамлекетте илдет беш адамдын өмүрүн алса, акыркы маалыматтар боюнча 240 киши айыкты. Оору жуктуруп алгандардын саны дагы да болсо өсүп жаткандыктан Өзбекстан бийлиги карантин режимин 10-майга чейин узартты. Ал эми Казакстанда коронавирус кулачын жайып баратканын баамдоого болот. Акыркы сааттарда бул өлкөдө коронавирус аныкталган 1775 учур катталган. Анын көбү ири шаарларында. Казакстандын борбору Нур-Султанда 381 кишиден коронавирус табылса, Алматыда 525ке жетти. Дарттан 428 киши айыгып үйлөрүнө чыкты, ал эми вирус жуктурган 19 адам өмүрү менен кош айтышкан. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элин карантин эрежелерин сактоого чакырып, коронавирус өлкөдө жогорку чегине келе электигин айткан.

Кыргызстанда бир сутка ичинде 68 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Алардын басымдуу бөлүгү Ош облусунан экенин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди. Ушуну менен республика боюнча жалпы 201 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Кыргызстан коронавирус мене күрөшүүдө жалгыз эмес. Кечээ, COVID-19 инфекциясы менен күрөшүү үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы менен Польшадан сегиз медициналык кызматкерден турган топ келсе, бүгүн Кытайдан 10 медицина кызматкери келди. Алар Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө жергиликтүү дарыгерлерге көмөк көрсөтүү менен медицина кызматкерлерин окуудан өткөрүшөт.

Күн жылышы менен балдарын ээрчитип алып, парктарда сейилдеген адамдар көбөйүп жатканы байкалууда. Бул албетте, коронавирус жуктуруп алуу же башкага жугузуу коркунучун жаратат. Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев калаа тургундарынан зарыл болбосо көчөгө чыкпай, өзгөчө абалдын талаптарын так аткарууга чакырат. Ал ошондой эле эрежеге баш ийбей, велосипед менен шаарда сейилдеп жүргөн жарандардын арабасы убактылуу алынарын эскертет. Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылган. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Гуманитардык жардам ар бир муктаж үй-бүлөгө берилет. Учурдагы кырдаалга байланыштуу муктаж жарандарды колдоо маселеси мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун жеке көзөмөлүндө турат. Бүгүн президент Бишкек мэриясынын муктаж жарандарды колдоо ишинен кабар алып, “Бишкекнаабайкана” муниципалдык ишканасына барды. Бөлүштүрүү иши менен таанышкан ажо шаар жана калаанын чет-жакаларындагы жаңы конуш, айылдардагы бардык муктаж адамдарга колдоо көрсөтүлөрүн белгилеп, сабырдуулук үчүн коомчулукка ыраазычылык билдирди.

Өлкө аймагында өзгөчө абалдын мөөнөтүнүн узартылышы Кыргызстандыктарды анчейин деле кубандырган жок. Бирок мындай кырдаалдын жакшы жактары дагы бар. Маселен, ар бир жаран бул убакытта өзүнүн сүйүктүү иши менен алек болуп, жакындарына көңүл бура алат.

Өзүн-өзү изоляциялоо режиминен тажаган петербургдук балыкчылар балык уулоо үчүн суу жээгине чыгышты. Бул учурда түркиялык ыктырячылар көчөдө калган үй жаныбарларына тамак ташып, Стамбулдун көчөлөрүн кыдырып жатышат.

Бүгүнкү күндө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны боюнча Ош облусу сап башында турат. Жалпы 568 учурдун 147си дал ушул облуста катталган. Бирок COVID-19 вирусун жеңип, сакайгандардын саны да күндөн-күнгө көбөйүп жатканын байкоого болот.

#ПирамидаЖанылыктар #ПирамидаНовости #19апреля2020 #коронавирус #covid #covid-19 #президент #карантин #комеданты #коменданскийчас #сооронбайжээнбеков #кубатбекборонов #мухаммедкалыйабылгазиев #пм #премьерминистр #вицепремьерминистр #алмазорозалиев #комендант #минздрав

#ПирамидаЖанылыктар #ПирамидаНовости #19апреля2020 #коронавирус #covid #covid-19 #президент #карантин #комеданты #коменданскийчас #сооронбайжээнбеков #кубатбекборонов #мухаммедкалыйабылгазиев #пм #премьерминистр #вицепремьерминистр #алмазорозалиев #комендант #минздрав

#ПирамидаЖанылыктар #ПирамидаНовости #18апреля2020 #коронавирус #covid #covid-19 #президент #карантин #комеданты #коменданскийчас #сооронбайжээнбеков #кубатбекборонов #мухаммедкалыйабылгазиев #пм #премьерминистр #вицепремьерминистр #алмазорозалиев #комендант #минздрав

#ПирамидаЖанылыктар #ПирамидаНовости #18апреля2020 #коронавирус #covid #covid-19 #президент #карантин #комеданты #коменданскийчас #сооронбайжээнбеков #кубатбекборонов #мухаммедкалыйабылгазиев #пм #премьерминистр #вицепремьерминистр #алмазорозалиев #комендант #минздрав

#ПирамидаЖанылыктар #ПирамидаНовости #18апреля2020 #коронавирус #covid #covid-19 #президент #карантин #комеданты #коменданскийчас #сооронбайжээнбеков #кубатбекборонов #мухаммедкалыйабылгазиев #пм #премьерминистр #вицепремьерминистр #алмазорозалиев #комендант #минздрав

#ПирамидаЖанылыктар #ПирамидаНовости #18апреля2020 #коронавирус #covid #covid-19 #президент #карантин #комеданты #коменданскийчас #сооронбайжээнбеков #кубатбекборонов #мухаммедкалыйабылгазиев #пм #премьерминистр #вицепремьерминистр #алмазорозалиев #комендант

Эквадордун борборунун өрт өчүрүү кызматынын кызматкери Луис Куимбита коронавирус пандемиясынан улам, карантинде жаткан жергиликтүү тургундар үчүн чоор ойноду. Жаз келип, Крым шаарындагы кулпунай өндүргөн күнөскана Россия боюнча эң ири түшүм жыйноодо.