Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кооптуу иштен коркпогон дарыгерлер

Бүткүл дүйнө жүзүндөгү дарыгерлер коронавирус инфекциясы менен күрөшүп жатышат. Күрөшүүдө өздөрү дагы илдетке кабылып калган учурлар бар. Белгилей кетсек, республикада эле жүздөн ашуун медициналык кызматкер коронавирусун жуктуруп алды. Ал эми дүйнөдө илдетке чалдыккан медицина кызматкерлеринин саны отуз миңге чукулдады. Бирок, ага карабай дарыгерлер берген антын бекем тутуп, оору менен күрөшүүгө болгон аракетин жумшап келе жатышат.

Эпидемиологиялык абалда экономикалык туруктуулукту сактоо — ар бир мамлекеттин эң маанилүү милдети. Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен катар, өлкөнүн экономикасынын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча да иштер жүрүп жатат. Мамлекет тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ишкерлерге жана фермерлерге кандай колдоо көрсөтүлүүдө?

200дөн ашуун кыргызстандык мекенине кайтып келди. Бүгүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы “Стамбул-Бишкек-Стамбул” каттамы менен, Бишкекке 211 кыргызстандык келээрин маалымдаган. Ага ылайык, бул каттам жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында эки өлкөнүн биргелешкен ишмердүүлүгүндө жүзөгө ашырылды. Эми 26-апрелден тарта Бириккен араб эмираттарынан дагы кыргызстандыктар мекенине кайта баштайт.

Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын 23 жаңы учуру катталды. Алардын 12си медициналык кызматкерлер. Ошону менен жалпы жонунан республикада COVID-19 диагнозу тастыкталган 489 адам бар. Бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 30 миңден ашык анализ жасалды, бирок лаборатория тарабынан тастыкталган бейтаптар менен дагы 7 жарым миңден ашык байланыштагы адамдар бар.

«Жарандык жоопкерчиликти жана катуу тартипти сактоо — ар бир адамдын милдети. Биримдик жана ынтымактын аркасы менен коронавирус илдетинен өлкөнү бүтүн алып чыгууга болот». Мындай пикирин билдирген мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков, өлкөнүн башына буга чейин да мындай кыйын учурлар келгендигин белгиледи. Ал эми серепчилер коронавирус пайда боло электе эле Кыргызстан өнөктөштөрдүн колдоосуна ээ болуп келгендигин айтышып, канча жыл мурунку карыздар менен эсептешүү мезгили ушул учурга келгендигин айтышты.

Мадриддин жүз жылдык тургуну Жерардо бир ай бою күн сайын саат 8де флешмобго катышып, коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге рахмат айтат. Бул учурда дүйнөдөгү эң кары горилла Фату Берлиндеги зоопарктардын биринде өзүнүн туулган күнүн белгилеп жатат. Ал бүгүн 63 жашка толду.
Жазгы айдап-себүү иштерин үзгүлтүккө учуратпаш үчүн айыл чарба техникаларын оңдой турган түйүндөрдүн иштөөсүнө уруксат берүү керек. Мындай тапшырманы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов комендатураларга Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди. Бул багыттагы иштерди уюштуруу жергиликтүү бийликке милдеттендирилди. Муну менен катар үй карантининдегилерди көзөмөлдөө күчөтүлөт.
Өлкө аймагындагы өзгөчө абал режиминин мөөнөтү узартылганына байланыштуу, кыргызстандыктар дагы эки апта сабырдуу болуп, үйдө отурууга тийиш. Күнүмдүк жашоо-тиричилик менен алек болуп жүрүп, көптөн бери сүйүктүү китебиңизди окуй албай жүрсөңүз, анда «Китеп окуу» челленджине кошулуңуз.
Борбордо өзгөчө кырдаал киргизилгенден бери дээрлик эки миңге чукул адам коменданттык сааттын эрежелерин бузду. Ошол эле мезгилде Бишкекте жасалма өткөрмө кагаз жасаганга жетишкен 52 жаранга карата кылмыш иши козголду. Өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизилген туштүк жергесинде абал канааттандыраарлык. Антсе да тартип бузган жарандар жок эмес. Ал эми 15-апрелден тарта Нарын шаары жана Ат-Башы районуна киргизилген өзгөчө абал жана коменданттык сааттын биринчи түнү кандай өттү?
Апрель, май айларында чет жерлердеги 2000ден ашуун кыргызстандык мекенине кайтып келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирип, Кытайдан жакынкы арада 15 дарыгер-консультант келээрин белгилеп өттү. Бүгүнкү күнгө коронавирус илдетине чалдыккан 17 жаран аныкталганын айткан министрликтин өкүлү, адаттагыдай өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди.
Өлкөнү санариптештирүү саясаты өз үзүрүн бере баштады. Дал ушул саясаттын жүргүзүлүшү менен, учурда балдар дистанттык түрдө окуп жатышат. Мындай оюн билдирген серепчилер, президент кечээ Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыныда белгилеп өткөн маанилүү маселелрге токтолушту. Алар учурдагы кырдаалда өнөктөштөр тарабынан келип жаткан жардамдар туура багытталаарына ишенишет. Белгилей кетсек, мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште өлкөнү санариптештирүү улантылаарын дагы белгилеп өткөн.

Астана мамлекеттик опера жана балет театрынын симфониялык оркестри изоляцияда жүргөндө да искусство сүйүүчүлөрүн кубандырат. Дубайдын Тез жардам кызматтарынын корпорациясы дарыгерлерге коопсуз аралыктан температураны өлчөөгө мүмкүндүк берген акылдуу шлем ойлоп тапты.

Парламент өлкөнүн айрым шаарлары жана райондорундагы өзгөчө абалдын режимин 30-апрелге чейин узартуу жөнүндөгү президенттин жарлыгын бекитти. Мындай токтом бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды. Жыйынга мамлекет башчысы да катышып, өз сөзүндө ал өзгөчө абал режимин узартуу боюнча чечим оңой эмес болгонун билдирди. Анын айтымында, оору жуккан жарандардын саны өсүүдө, өлүмгө дуушар болгон учурлар да бар.
Саламаттыкты сактоо министрлиги короновирус пандемиясы учурунда медициналык стационардык мекемелердин багытын убактылуу өзгөртүү тууралуу буйрук чыгарды.
Өлкөнүн айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтүнүн узартылышы менен бирге, коменданттык сааттын кээ бир эрежелери дагы өзгөртүлдү. Жарандардын жашоо-тиричилик муктаждыктарын эске алуу менен, Бишкек шаарында жана өзгөчө абал жарыяланган аймактарда коменданттык саатын убактысы кыскартылып, ал кечки саат 21:00дөн эртең мененки саат 6:00гө чейин деп белгиленди.
Көгүлтүр отко тариф көтөрүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. Ал белгилегендей, «Газпром-Кыргызстан» менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында компания азыркы кубаттуулугун куб метрине 15,3 сомдон калтыруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, курстагы айырмачылыктардан келип чыккан чыгымдарды компания өзү жабат.
Нарын облусуна Бишкектен дарыгерлердин кошумча тобу барат. Аталган облуста коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны кескин көбөйүп, эпидемиологиялык абал курчуп баратат. Ошол себептен, Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы районуна өзгөчө абал режими киргизилди. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев, министрликти кайтарган милиционер коронавирус илдетин жуктуруп алгандыгын айтып, бүгүнкү күнгө карата COVID-19 вирусуна чалыккан бейтаптардын саны 449га жетти.