Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Окуу жылы жана акыркы коңгуроо дистанттык жыйынтыкталды

Ош облусунун аймагындагы мал базарлар карантиндик-санитардык, ветеринардык талаптарды сактаганда гана ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди. Айтымында, эгер ачыла турган болсо базарлар ишемби, жекшемби күндөрү гана иштеп, малдар бир иретке коюлуп сатылышы керектелет. Облус башчысы эпидемиологиялык кырдаал толук көзөмөлдө экенин айтып, оорунун жайылышына жол бербөө максатында айрым аймактарга чектөөлөр коюлуп жатканын билдирди.

Тышкы карызды, анын ичинде көп тараптуу кредиторлордун алдындагы карызды терең реструктуризациялоо зарыл. Президент Сооронбай Жээнбеков мындай сунушун «Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара» деп аталган видеоконференция форматындагы эл аралык форумда билдирди. Азыркы кырдаалда БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүдө өлкөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн мамлекет башчысы үч этаптан турган сунуштарын белгилеп өттү. Атап айтсак, саламаттыкты сактоо, социалдык колдоо, азык-түлүк коопсуздугу, климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономика тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу программасын иштеп чыгууну сунуштады. Иш-чара чет мамлекеттердин башчыларынын, эл аралык уюмдардын, каржы институттарынын жетекчилеринин жана БУУнун Баш катчысы Антониу Гуттериштин катышуусунда онлайн форматта өттү.

“Бишкек” эркин экономикалык аймагынан республикалык бюджетке жок эле дегенде 50 миллион сом пайда алып келсе болот. Мындай пикирин Жогорку Кеңеште “Кыргызстан” фракциясынын жыйынында эл өкүлү Канат Исаев билдирди. Мындан башка дагы көпчүлүк депутаттар экономикалык аймактын ишиндеги мүчүлүштүктөрдү жана өзүм билемдиктерди сынга алып, өкмөткө көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырышты.

Ата мекенди сүйүү, ага кызмат кылуу жана аны көздүн карегиндей сактоо, ар бир жарандын ыйык милдети. Куралдуу күчтөрдө эркектер менен эле тең тайлаша кызмат өтөп, атуулдук парзын аткарып жүргөн айымдар да жок эмес.

1-июндан баштап туризм тармагынын бардык субъекттери иштей баштайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун кире бериштеринде орнотулган посттордо гана жарандардын дене табы текшерилет, андан башка эч кандай тоскоолдук болбойт. Азыркы тапта, санитардык эрежелерди сактоо боюнча туризм тармагынын субъектилерине атайын талаптар даярдалууда..

Бала асырап алуучуларга кызмат көрсөтө турган электрондук портал иштелип чыкты. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, бул порталда ата-энеси баш тарткан балдардын саны, жынысы, жашы жана улуту тууралуу маалыматтар жайгаштырылат. Аны Кыргызстандын жарандары өлкөнүн бардык аймактарында онлайн көрсө болот. Андан тышкары бала асырап алууну каалаган адам ошол эле портал аркылуу министрликтин аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрыла алат.

Бишкек шаары менен Нарын облусунда эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Анткени дал ушул аймактарда вирустун очокторунан илдетти жугузгандар токтой элек. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 68 адамдан коронавирус аныкталганын Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Алардын басымдуу бөлүгү чет мамлекеттерден келген жарандардан тастыкталган. Ошол эле маалда өлкөдө Сovid-19дан айыгып, ооруканадан чыккандар да жок эмес.

1-июндан тарта бардык өндүрүш тармактары, күнүмдүк турмушка керектүү буюм-тайымдарды саткан дүкөндөр, бардык калкты тейлөө борборлору, рекламалык агенттиктер жана эс алуу үйлөрү, пансионаттар, тарыхый жайлар иштей баштайт. Өкмөт үйүндө өткөн брифинг учурунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 5-июндан баштап бала бакчалар, андан соң ички аба каттамдары жанданарын айтып, санитардык талаптарды так сактоого чакырды. Ошондой эле ал дагы деле тыюу салынып турган тармактарды тизмектеди.

Ош мамлекеттик университети 80 жашта! Бүгүн Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын флагманы аталган Ош мамлекеттик университети 80 жылдык мааракесин белгиледи. Иш-чара кырдаалга байланыштуу онлайн түрүндө болуп, бир катар бийлик өкүлдөрү түз байланышта куттукташты.

Өлкөдө сот тармагын реформалоо багытында бир топ иштер аткарылууда. Маселен, кылмыштардын бирдиктүү реестри, сот залдарында видео жана аудио жаздыруу, “соттордогу автоматташтырылган маалымат система” программасы жана башка иштер. Мунун баары сот тармагына элдин ишенимин арттыруу, коррупциялык көрүнүштөрдүн тамырын кыркууга, ачык-айкындуулукка багытталган. (2)Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Анда сот системасын мындан ары санариптештирүү, аудио-видео жаздыруу жана соттордо электрондук иш кагаздарын жүргүзүү системаларын толук киргизүү боюнча иштерди күчөтүүгө чакырды.

Борбор калаада коомдук транспорт белгилүү эрежелердин негизинде ишке кирген. Бирок, маршруттук каттамдардын айдоочулары санитардык талаптарга баш ийбей, жүргүнчүлөрдү көп салып жүрүүдө.

Жемкорчулук схемасына байланышы бар Транспорт жана жолдор министрилгинин түзүмдүк бөлүмүнүн 3 кызматкери коррупцияга шектелип кармалды. Алар жарым жылдан бери өткөрмө пункттарындагы онлайн системаны бузулду деген шылтоо менен мамлекеттик казынага түшө турчу 10 миллион сомдон ашык каражатты чөнтөккө салышкан.

Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алгандар көбөйдү. Акыркы суткада 23 бейтап ооруканадан чыкса, жаңы 74 учур катталды. Алардын ону гана чет жерден келген келгендер болсо, калганы оорулуулар менен байланыш аркылуу жуктургандар.