Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Коронавирус айыл чарба иштерине тоскоол болгон жок

Ош облусунда айыл чарба өсүмдүктөрү бышып жетилип, учурдагы кырдаалга карабай чет өлкөгө экспорттоло баштады. Ал эми бүгүнкү күнгө чейин коронавирус илдети менен ооруган бир да учур катталбаган Талас облусунда айыл чарба иштери 90 пайызга аяктап калды. Бир жума мурун облуста ПЦР тест алуучу лабаротория ачылып, ооруну алдын алуу боюнча бардык иштер аткарылууда. Жалал-Абад облусунда болсо абал турукташып, Ала-Бука районунда мал базарлар иштей баштады.