Ишенби, 27 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Калаадагы 16 посттун иши текшерилди

Мэрия өкүлдөрү борбор калаанын кире бериштерине орнотулган посттордун ишин көзөмөлгө алышты. Текшерүүнүн натыйжасында Киргшелкто орун алган постто бардык талаптар аткарылып жатканы белгилүү болду.

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал учурунда Кеминдеги мунайды кайра иштетүүчү завод, “Кыргыз Петролеум”, “Кыргызнефтегаз” кадимки режимде иштеп жатат. Аларга чийки заттарды жеткирүү боюнча иштер жүрүүдө. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов жүк ташуу үчүн “Эркечтам” өткөрмө бекети ачылып, материалдар менен камсыз кылуу боюнча жагдай бир топ жакшырганын билдирди.

22 миңге чукул калкы бар Ак-Өргө конушунда бардык шарттары бар ФАП ачылды. Имараттын курулушун «Катар кайрымдуулук фонду» колго алган.

Өзгөчө кырдаал режими уланып, карантин сакталган борбор калаада ишин жанданткан объектилерге санитардык талаптарды так сактоо тапшырмасы коюлган. Жергиликтүү бийлик, милиция жана медицина кызматкерлеринен куралган мобилдик топтор күн сайын рейд өткөрүп, эрежелердин сакталышын көзөмөлдөп жатышат. Бул ирет текшерүү иштери Свердлов районунда жүргүзүлдү. Алгач мобилдик топ салык кызматына баш багып, канча кызматкердин маалымкатына мөөр басылганы, санитардык талаптардын аткарылышын текшерди.

Кулачын кенен жайган коронавируска акыркы сутка ичинде 29 адам кабылып, эки киши көз жумду. Оору жуктургандар Баткен жана Талас облусунан башка бардык дубандарда катталып, 11 учур Нарындан аныкталган. Абал анча жакшы эмес облуста күн мурун төрөт үйүндө иштеген кызматкерлер менен бейтаптардан да илдет аныкталгандыктан, учурда төрөткананы башка жакка көчүрүү маселеси каралып жатат. Эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берген башкы дарыгер Нурболот Үсөнбаев коронавирусту жеңген жарандардын катары да толукталып, жалпы 1111 учурдун 745и айыкканын билдирди.

Ал эми Ош шаарында да уруксат берилген тармактарда санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейд өтүп, шаар мэри Таалайбек Сарыбашов текшерип чыкты. Калаа башчысы алгач салык кызматынын иши менен таанышып, мекемеге келген жарандар менен пикир алышты. Андан кийин карантиндик-санитардык постторго барып, жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мэр унаа тетиктерин, азык-түлүк жана курулуш материалдарын саткан базарларды да кыдырып чыкты.

Коронавирус пандемиясы дүйнө мамлекеттеринин экономикасына залалын тийгизип жатканы айкын. Мындай көрүнүш Кыргызстанда дагы бар. Алсак, 4 айдын ичинде эле бюджетке 10 млрд сом түшпөй калды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев маалымат жыйында билдирди. Ал бюджетке киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу айтып берип, чыгашалардын саны кыскара турганын билдирип, бирок социалдык төлөмдөр, айлык маяналар өз убагында төлөнөрүн айтты.

Быйыл өлкөдөгү кырдаал эске алынып, акыркы коңгуроо 30-майда онлайн түрүндө өткөрүлмөй болду. Мындан улам телеканалдар жана социалдык тармактар аркылуу #мен бүтүрүүчүмүн акциясы башталды. 2019-2020-окуу жылы тууралуу маалымат берген Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу аяктаганын айтып, аны өткөрүүгө 180 борбор даярдалып жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеңеште 2020-жылга карата республикалык бюджетке киргизилген түзөтүүлөр каралды. Мыйзам долбоору боюнча вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, экономика министри Санжар Муканбетов, каржы министри Бактыгүл Жээнбаева баяндама жасады. Экономика министри Санжар Муканбетов коронавирус пандемиясына байланыштуу бүткүл дүйнөдө экономикалык көрсөткүчтөр төмөндөгөнүн белгиледи. Өнөктөш мамлекеттердеги абал Кыргызстанга да таасирин тийгизип, каражаттын кириши жана акча которуулар 20%га азаяры күтүлүп жатканын билдирди. Ал эми вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Өкмөттүн биринчи жана экинчи каатчылыкка каршы программасы тууралуу сөз кылып, ишкерлерди колдоо, экономикалык ишмердүүлүктү кайра калыбына келтирүү чаралары жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле антикризистик фонд түзүү мерчемделип жатканына токтолду.

Бүгүнтөн тарта, апта аягына чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы болуп, айрым аймактарда жаан катуу жаай турганын Кыргызгидромет кулак кагыш кылат. Алдын ала божомолго ылайык, абанын температурасы төмөндөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Нөшөрлөгөн жаан айрым жерлерде сел коркунучун жаратууда. Буга чейин түштүк аймакта май айынын башында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, табигый кырсык 55 млн сомдук зыян алып келген болчу. Ал эми күн мурун Баткен облусунда нөшөрлөгөн жаандан кийин арыктан ашкан суу күрүч эгилген талааны жууп кетти. Кырсыкты алдын алуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кандай чараларды көрүүдө?

Ош шаарында 5 миңге чукул бөбөк бала бакчанын кабыл алуусун күтүп, кезекте турат. Мамлекеттик жана жеке менчик бакчаларды кошкондо 72 мекемеде 15 миң бала тарбияланып, анда бөбөктөрдүн саны нормадан ашып кеткен учурлар көп. Бул көйгөйдү жоюу максатында калаа бийлиги каражат бөлүп, азыркы тапта 4 бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Анын экөөсү карантинден соң пайдаланууга берилгени турат. Мындан тышкары медициналык мекемелерге өтүп кеткен 4 бакча мэрияга кайтарылып, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында коомдук транспорттор каттамга чыкпай, ишке чыккан кызматкерлерди жетекчиси уюштурган унаалар ташып жаткан учуру. Алардын арасында кызматтык унааны күтпөй, велосипед менен бара турган жерине жетип алган жарандар да жок эмес. Сергек жашоо образын карманган тургундар велосипед, самокат сыңдуу транспорттор үчүн атайын жолдор салынып, шарттар акырындык менен түзүлүп жатканына ыраазы.

Өзгөчө кырдаал режими уланып, карантин сакталган борбор калаада ишин жанданткан объектилерге санитардык талаптарды так сактоо тапшырмасы коюлган. Жергиликтүү бийлик, милиция жана медицина кызматкерлеринен куралган мобилдик топтор күн сайын рейд өткөрүп, убактылуу киргизилген эрежелердин сакталышын көзөмөлдөп жатышат. Бул ирет текшерүү иштери Октябрь районунда жүргүзүлүп, ишин баштоого уруксат берилген жайларда санитардык талаптардын аткарылышы каралып, айрымдары алкышка татыса, кээ бирлерине эскертүүлөр берилди.