Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 1270 бейтаптын 910у айыкты

Бир суткада Кыргызстанда 12 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 910 бейтап сакайып үйүнө жиберилди. Ал эми күн мурун 27 адам илдетти жуктурганы аныкталды. Алардын тогузу медицина кызматкери. Ушуну менен вирус жуктургандардын жалпы саны 1270 болду.

Баткен облусунун Лейлек району бажы төлөмдөрүн чогултууда башкаларга үлгү көрсөтүүдө. Төрт ай аралыгында “Кайрагач” өткөрмө жайында чогултулган бажы төлөмдөрү 5 млн 700 миң сомду түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу бир кыйла көп.

Борбор калаада гуманитардык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн саны азаюуда. Буга этап-этабы менен ишин жанданткан тармактарда иштегендердин жумушка чыгышы себеп болду. Бирок ага карабай социалдык баштыкчаларды таратуу уланып, бүгүнкү күнгө чейин 300 миңдей үй-бүлө азык-түлүктөр менен камсыз болушту.

Эртеңден тарта эшигин ача турган соода жайлары, калкты тейлөө борборлору өңдүү эл көп топтолчу жайлар республикалык штаб койгон талапка жана көрсөткөн жол жоболорго ылайык мекемелерин жабдууну башташты. Ишмердүүлүккө уруксат берилгени менен өздүк гигиенаны сактоо боюнча эрежелер мурдагыдай эле тыкыр сакталышы шарт.
Ал эми булардын иштөө процесстерине санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы, милиция жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн куралган мобилдик топтор көзөмөл жүргүзүп, талапка жооп бербеген мекемелерди мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартат.

Бишкекте бир нече сейил бактын курулуш иштери жүрүп жатат. Жалпы аянты 66 гектардан ашык жерге бардык шарттары каралган сейил бактар шаар тургундары үчүн жай айларынын ортосунда даяр болот. Бул Президент Сооронбай Жээнбековдун калааны кайрадан жашыл шаарга айлантуу демилгесинин негизинде жүрүүдө.

Коронавирустан улам дүйнөдө түзүлгөн кырдаалга абай сала турган болсок, илдет 5 млнго чукул адамдан катталып, оорудан 300 миңден ашык киши көз жумду. Ковид-19дан эң көп жапа чеккен мамлекеттердин сап башында АКШ, Россия, Бразилия, Испания, Италия өлкөлөрү турат. Ал эми коңшу өлкөлөрдө да кырдаал жакшы эмес.

Коррупцияга аралашкандар ээлеген кызматына, наамына жана мурдагы жетишкендигине карабастан тийиштүү жазасын алышы керек. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алганда айтты. Өлкө башчысы мамлекеттик башкаруунун бардык чөйрөлөрүндө жана экономиканын тармактарында коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуунун пландуу иштерин улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи. (1)Ошону менен катар Сооронбай Жээнбеков жемкорлукка каршы күрөштүн маанилүү багыттарынын бири — декларация толтуруу мыйзамдарынын так аткарылышы экенин айтты. Дамир Сагынбаев бул жаатта 2020-2024-жылдарга карата мамлекеттик жаңы стратегиянын болжолдуу долбоору иштелип чыкканын билдирди. Ага ылайык, бирдиктүү салык декларациясын толук текшериш үчүн негиздерди экиден сегизге чейин көбөйтүү каралууда.

Эне бул- үй-бүлөнүн куту, дүйнөдөгү эң кымбат, эч нерсеге теңдешсиз асыл зат. Ар бир баланын мекенге, жерге болгон сүйүүсү дагы эненин мээриминен башталат. Тынчтыктын, мээримдүүлүктүн жана сулуулуктун символу болгон апалар күнү жыл сайын белгиленип келет. Бул датага утурлай Президент Сооронбай Жээнбеков көп балалуу энелерди «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлады. Жети баланы татыктуу тарбиялап, сыйлыкка татыгандардын катарында Нуриза Мурзаматова да бар.

Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду түптөлгөн жылдан тарта эле элеттеги ишкерликти колдоп, акчанын агымын айыл чарба тармагына буруп келет. Өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу фонд атайын антикризистик план түзүп, жеңилдетилген насыя берүү жолдорун иштеп чыкты.