Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ош шаарында аялдамалар оңдолуп, жаңыланып жатат.

Ош шаарында аялдамалар оңдолуп, жаңыланып жатат. Дээрлик 10 жылдан бери каралбаган аялдамалардын жарыктандыруу системасы жаңыланып, жарактан чыккан жарнак айнектери алмаштырылууда. Ошондой эле тегерек чети иретке келтирилип, жумуштар кызуу жүрүп жаткан маалы.

Коммерциялык эмес уюмдар өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу куру сөз менен гана чектелбей, маалыматтарды ачык-айкын бериши керек. Мындай ойлор коммерциялык эмес уюмдар жана юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө арналган парламенттик угууда айтылды. Көпчүлүк катышуучулар мындай мыйзам өлкөгө керек экенин айтышса, айрымдар бул өзгөртүүлөр менен коммерциялык эмес уюмдардын укуктары чектелип калаарын белгилешет.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт үйүндө өткөн брифинг учурунда бюджетке киргизилген акыркы өзгөртүүлөр жөнүндө айтып берди. Анда эсептөө палатасынын жана парламент депутаттарынын сунушун эске алуу менен бюджеттин киреше бөлүгү канчага көбөйгөнү, кайсы тармактарды каржылоо кыскартылганы тууралуу маалымат берди.

Коронавирус 5 миллиондон ашык адамдан катталып, илдет 300 миңдей кишинин өмүрүн алды. Бирок айрымдарда ковид-19 жеңил формада өтсө, кээ бирлеринин деми кысылып, жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.

Жарандардын жумушка чыгышы менен жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн саны азайды. Бирок ага карабай социалдык баштыкчаларды таратуу уланып, муктаждар азык-түлүктөр менен камсыз болууда.

Бишкек шаарындагы №19 мектепке кошумча окуу имараты салынды. Ошондой эле калаада бөбөктөр үчүн жаңы эки бала бакча курулуп, иштин дээрлик көбү аяктады. Курулуш иштерине шаар бюджетинен 150 млн сом каралган. Андан сырткары №12 мектепте 384 окуучуга ылайыкташкан окуу корпусу курулуп бүтүп, жаңы окуу жылында ачылганы турат. Бул имарат коррупцияга каршы күрөшүү боюнча депозиттик эсептен бөлүнгөн каражатка салынды.

2020-2024-жылдарга карата жаңы Мамлекеттик стратегиянын болжолдуу жумушчу долбоору иштелип чыкты. Долбоор Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын координациясы астында көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен даярдалды. Анда мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөр менен системалуу күрөшүүгө багытталган жаңы антикоррупциялык механизмдерди иштеп чыгуу жана киргизүү каралат. Долбоор учурда мамлекеттик органдардын, анын ичинде Жогорку Кеңеш, Өкмөттүн, Башкы прокуратура жана Жогорку Соттун кароосуна жиберилген. Жемкорлукту азайтуу максатында декларациялоо мыйзамына да өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн үстүндө иштер жүрүп, мыйзам долбоору жакын арада Жогорку Кеңеште талкууланары күтүлүүдө. Бул мыйзам долбоору бардык деңгээлдеги аткаминерлердин чыгашалары менен кирешелерин көзөмөлдөөнү күчөтмөкчү.

Экономиканы турукташтыруу үчүн бизнести колдоону улантуу керек. Ал үчүн бизнес менен мамлекеттин ортосундагы диалогду чыңдоо маанилүү. Ишкерликти колдоо максатында буга чейин Президент Сооронбай Жээнбеков бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолуккан. Ал эми бүгүн мамлекет башчысы Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыковду кабыл алып, Өнөржайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү, түзүлгөн кырдаалда ишкерликке колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жана посткризистик мезгилде бизнестин ролун талкуулады.

https://www.facebook.com/yeebaku/photos/a.387480111391042/1685668708238836/?type=3&__xts__%5B0%5D=68.ARDpb2ubLeUWRUbsvsv5l

Кыргызстанда күн мурун коронавирус оорусунун жаңы 43 учуру аныкталды. Алардын ичинде Нарын шаарынын мамлекеттик каттоо кызматынын 6 кызматкери жана Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнөн 14 киши бар. Ошол эле маалда 19 бейтап айыкты.

Санариптештирүү Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө эпидемияга каршы күрөштө өзүнүн маанилүүлүгүн көрсөттү. Кыргызстанда да бул багыттагы иштер ыргактуу аткарылып, борбор калаада автоматташтыруунун жаңы элементтери ишке кирди. Айтсак, «Электрондук турак жай жана коммуналдык кызматтар» пилоттук долбоору, «Бишкексууканал» сурап-билүү борборунун бирдиктүү кызматы жана эң негизги COVID-19 өзүн-өзү диагностикалоо линиясы толук кандуу иштеп жатат. (2)Андан сырткары,муниципалдык ишканалардын күнүмдүк аткарып жаткан иштерин эсепке алуу үчүн бирдиктүү маалымат борборун ачуу пландаштырылууда. Борбор калаада санариптештирүү боюнча дагы кандай жаңылануулар жүрүп жатат?

Жалал-Абад жана Баткен облустарында коронавирустан айыккандардын саны көбөйүп, эпидемиологиялык кырдаал турукташып жатат. Бул аймактар жай турмушка багыт алып, Жалпы Республикалык тестирлөөгө даярдыктар көрүлүүдө. Ал үчүн мектептер дезинфекцияланып, тиешелүү шарттар түзүлүп жатат.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Башкы прокурордун 2019-жылдагы мыйзамдуулуктун абалы, аткарылган иштери жөнүндөгү отчетун карап, канаттандырарлык деп тапты. Өткүрбек Жамшитов эл өкүлдөрүнүн ар кандай суроолоруна жооп берди.

Сот реформасы — жарандарды сот тутумуна болгон ишенимди жогорулатуу, коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн күчөтүлөт. Бул үчүн судьялар кеңеши соттор ачык-айкындуулук менен иш алып баруусун камсыздоосу зарыл. Бүгүн, президент Сооронбай Жээнбеков Судьялар кеңешинин төрагасы Нурлан Атаназаровду кабыл алды.(1) Анда мамлекет башчы сот тутумун санариптештирүү боюнча ишти күчөтүү, бардык сот залындагы жана соттогу электрондук сот өндүрүшүнө аудио-видео жаздырууну толугу менен киргизүү зарылдыгын баса белгиледи.

Ош облусунда 2020-жыл ичинде селдин кесепеттеринин алдын алуу үчүн 6 обьектти оңдоо жана кайра калыбына келтирүү каралган. Учурда 2 обьект оңдолду, 4 обьектте болсо жумуш жүрүп жатат.