Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Курманбек Бакиевдин келишине каршы тараптар

Курманбек Бакиев бир нече күн мурун кыргыз элине кайрылуу жасап, Кыргызстанга кайтуу ниети бар экенин билдирген. Мындай кабарды уккан 7-апрель окуясынын катышуучулары жана «Айкөл таза коом» бирикмеси Курманбек Бакиевдин кайтуусуна каршы чыгып, анын жазаланышын талап кылышууда.

Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги соттук отурум болду. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ооруп калгандыгына байланыштуу узак убакыттан бери соттук отурумга алып келинди. Териштирүү иштери бир нече саатка созулуп, жумуш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу соттук отурум 8-июнга жылдырылды.

Бишкек шаарында коронавируска чалдыккандар арбып жаткандыктан, Саламаттык сактоо министрлиги дарылоочу койкаларды көбөйтүү ишин баштады.

Кыргызстанда биринчи жолу балдардын онлайн-саммити өттү. Анда, вице-премьер-министр Аида Исмаилова мамлекет балдарды колдоо максатында балдарды коргоо системасын, үй-бүлөсүнөн айрылууну болтурбоо, зордук-зомбулуктан коргоо чөйрөсүндөгү система күчөтүлүп жатканын билдирди.  Онлайн-саммитке Кыргызстандын 7 дубанынан мектеп окуучулары катышып, көйгөйлөрүн айтышты.

Биргелешкен тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр жоопко тартылат. Бүгүн чек ара аймактарындагы чыңалууну басаңдатуу максатында Премьер-министрдин биринчи орун басары Кубатбек Боронов Баткен облусунун «Чечме-Автодорожный» өткөрүү пунктунда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн чек ара айылдарынын жашоочуларынын ортосунда болгон келишпестиктин себептери талкууланды.

Жалган маалымат таратуу — сөз эркиндиги эмес. Маалымат айдыңында жалган, булагы такталбаган, такыр эле чындыкка төп келбеген маалыматтардын жайылышы кадыресе көрүнүш болуп калды.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө «Мээрим» теледолбооруна катышкан — ата-энелеринен ажыраган балдар менен жолугуп, аларга атаган белектерин берди. Ал эми теледолбоордун аймактардагы жыйырмадай катышуучуларына мамлекет башчысынын атынан ноутбук берилип, облус жетекчилери үйлөрүнө жеткиришти.