Шейшемби, 23 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Көз айнек, линза көздүн коргоочуусу

Жаңы техника менен жаңы мүмкүнчүлүктөр. Бүгүн “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасына 12 атайын техникалар тапшырылды. Алар Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын долбоорунун алкагында алынган.

Коммерциялык эмес уюмдар өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды ачык-айкын бериши керек. Мындай талаптар бейөкмөт уюмдары тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен коюлуп жатат. Коомчулукта кызуу талкууга жем таштаган мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдардын укуктарын чектейт дешсе, көпчүлүгү каржылык маселелердин ачыкталышын колдой тургандыгын билдиришүүдө.

Ал эми Рим Колизейи үч айдан кийин өз ишин кайрадан жандантты. Колизейдин аймагына кирүү антисептик жана беткап бар болгондо гана мүмкүн болот.

Курулуш базарлардын жетекчиликтерине санитардык эрежелер сакталбагандыгы үчүн протоколдор түзүлдү. Себеби, буга чейин сатуучуларга жана базар администрациясына эскертүүлөр берилген.

Борбор калаада ишин жанданткан объектилерге санитардык талаптарды так сактоо тапшырмасы коюлган. Бишкектин төрт районунда милиция, медицина жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн турган мобилдик топтор, күн сайын рейддик иш-чараларды өткөрүп, эрежелердин сакталышын көзөмөлдөп жатышат. Бүгүн мобилдик топ текшерүүнү Ленин районунда жүргүздү.

Өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны улам көбөйүп жатканы менен илдеттин жаңы учурлары катталып жатат. Мындан улам, дарыгерлер эпидемиологиялык абал курч экенин айтып, беткап тагынып жана санитардык нормаларды сактоого чакырышат.

Бишкек шаары инфекциянын очогу болууда. Илдетти жугузуу коркунучу жогору болуп турган ордо калаага аймактардагылардын келүүсү сунушталбайт. (1)Ал эми шаар тургундары зарыл болбосо соода түйүндөрү сындуу эл көп чогулган жерлерге баруусуна кеңеш берилбейт. Анткени жарандар санитардык эрежелерди сактабай жатат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.