Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

#ДүйнөлүкЖаңылыктар: Таажы вирусуна каршы вакцина сыналып жатат

Быйыл калкка жеңилдетилген кызмат көрсөтүү, санариптештирүү иштери аймактарда өзгөчө колго алынат. Бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасын Акын Мамбеталиевди кабыл алып, калкты тейлөөнүн сапатын көтөрүүгө басым жасоого чакырды.

Санитардык эрежелерди сактабай, кайдыгер мамиле жасаган жарандардын айынан Кыргызстанда эпидемилогиялык абал басаңдабай жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Ал вирустан коргонуунун эң жөнөкөй эрежелерин сактап, жарандарды беткап тагынууга чакырды.

Пандемия шарттында санарип технологияларын колдонуу өз жемишин берип, инфраструктуралардын даярдыгын жана жаңы мүмкүнчүлүктөрүн сынады. Байланыш операторлору камсыздаган акысыз интернет ресурстарын пайдалануунун көлөмү өстү. Бул тууралуу онлайн брифингеде Маалыматтык технологиялар жана байланыш имамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев маалымдады.

“Түндүк электр” ишканасы быйылкы жылга жалпы 110 млн сомдук ремонт иштерин аткарат. Анын 350 миллиону Бишкек шаарындагы иштерге жумшалат. Учурда ишкана борбор калаадагы эскилиги жеткен электр чубалгыларын жаңылоо иштерин жүргүзүп жатат.

Ушул жылдын 1-июлунан баштап өлкө аймагындагы май куюучу станцияларды башкаруунун автоматташтырылган тутуму ишке кирет. Бул жөнүндө бүгүн Бишкек шаарында өткөн тегерек столдо сөз болду. Бул автоматташтырылган система көмүскө экономиканы жана салыктан качууну токтотуп, ачык-айкындуулукту камсыз кылаары айтылууда.

Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда бала бакчалар иштей баштады. Тарбиячылар үчүн эрежелер жана иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыгып, бөбөктөрдү кабыл алуунун алдынан баары анализ тапшырышты. Бүгүн мобилдик бриагада текшерүүнү Ленин районунда жүргүзүп, №53 балдардын мектепке чейинки билим берүү борборуна барды.

Өкмөт айдоо жерге үй куруп алгандардын маселесин чечүү үчүн тиешелүү мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна жиберди. Бул документ Өкмөттун токтому менен жактырылды. Ага ылайык, 2009-жылдан 2018-жылга чейин сугат жерине турак жай салып алгандардын жерин мыйзамдаштырууга багытталды. Мыйзам долбоор кабыл алынып калса, кандай маселелер чечилет?

Өлкө аймагына илдет кирген биринчи күндөн тарта дарыгерлер жогорку патриоттуулукту көрсөтүү менен эпидемиологиялык кырдаалдын андан ары курчуп кетишине жол бербөө үчүн бардык күч-аракеттерин көрүп келишет. Тилекке каршы, кызматтык милдетин аткарып жатып, илдет жугузуп алган экинчи дарыгер каза болду. Коронавирус инфекциясынын кесепетинен көз жумган Кара-Кулжа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-фтизиатры Альберт Исмаилов апрель айынан тарта илдетке чалдыккан бейтаптарды кабыл алып жүрүп, өз дагы вирус жуктуруп алган. Илдетти оор көтөрүп, кошумча оорулары да бар болгондуктан вируска каршы туруштук бере албай калган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу студенттер менен мектеп окуучулары акыркы чейректи аралыктан окушту. Ал эле эмес жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация дагы онлайн өтүп, жогорку окуу жайга тапшыруунун да форматы өзгөрдү

Бейөкмөт уюмдары тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кечиктирбей кабыл алуу керек. Мындай пикирлер бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар эл өкүлдөрү тарабынан айтылды. Анда депутат Евгения Строкова мыйзам долбоорун парламентте 2-жана 3-окууда карап, кабыл алуу керектигин билдирди. Коомчулукта кызуу талкуу жараткан бул мыйзам долбоорун колдогондор арбын. Алар коммерциялык эмес уюмдар каржылык маалыматтарын ачык-айкын бериши керек деген ойдо.

5-июндан тарта аймактар аралык жүргүнчү ташыган каттамдар толук кандуу ишке кирет. Азыркы тапта түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, санитардык нормаларды сактоо боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди. Ага ылайык, унаалардын ичи рейске чыгуудан мурда дезинфекцияланышы шарт, ал эми айдоочусу медициналык текшерүүдөн өтүшү кажет. Ошондой эле, эртеңден тарта ички авиа каттамдар да жанданат.

Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин району боюнча түзүлгөн атайын мобилдик топ санитардык талаптардын сакталышын көзөмөлдөөнү “Ош” базарында жүргүздү. Анын жүрүшүндө талапты аткарбагандарга тиешелүү протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды.

Борбор калаада коомдук транспорттор 25-майдан тарта кадимки тартипте каттамга чыга баштаган. Кырдаалга байланыштуу айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө санитардык эрежелерди так сактоо талаптары коюлган. Анда коюлган эрежелер аткарылбаса, катуу чаралар көрүлөрү эскертилген.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейди жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды оңдоп-түзөө тууралуу иш боюнча кезектеги отурум өттү. Анда тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда. Бүгүнкү отурумда мамлекеттик айыптоочулар мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду 20 жылга эркинен ажыратууну, ал эми Мира Карыбаевага 260 миң сом айып пул салууну суранышты.

Дүйнө жүзүндө күн сайын коронавируска чалдыккан адамдардын саны өсүүдө. Учурга чейин бул илдетке каршы вакцина же дары табыла элек. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска каршы вакцинаны даярдоого бир жыл керектигин билдирип, азыркы тапта дүйнөдө ооруга каршы 20дан ашык вакцина сыноодон өткөрүлүп жатканын белгилейт. Белгилүү бир дарынын жоктугуна байланыштуу бир топ мамлекеттер илдетке кабылгандарды дүйнөлүк уюмдун алгоритимине жараша дарылап келет. Кыргызстандагы «Биовит» фармацевтикалык заводунда чыккан айрым дарылар да коронавирус инфекциясына каршы дарылоодо колдонулууда.